Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

КҮЗ "КҮРӨШКӨ" КАМЫЛГА


Кечээ президент Курманбек Бакиев жарандардын тынч, куралсыз чогулуп, митинг-демонстрацияларды эркин өткөрүүсүн чектеген мыйзамга кол койду. Буга байланыштуу президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырып келишкен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, укук коргоочулар тынчсызданууларын билдире башташты. Митинг-демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктарын талашып, бир курдай нааразычылык иш-чараланын өткөрүп келишкен “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү муну биротоло адам укуктарын тепсөөгө болгон аракет катары баалашууда. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү мындай кадам бардык жарандардын укуктарын эске алуу менен жасалганын айтышат.

Президент Курманбек Бакиев кечээ “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Анын аркасынан эле укук коргоочулар жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү “тынчсызданууларын” билгизип, оппозиция өкүлдөрү бийлик күзгү күрөшкө алдын-ала камынуу аракетин көрүп жатканын айтышууда. Жарандардын митинг өткөрүү укуктарын чектебөө талаптары менен бир курдай нааразычылык иш-чараларын өткөрүшкөн “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү буга баш ийбей турганын айтышууда. Кыймылдын мүчөсү Мирзат Ажиев мындай дейт:

- Шаардык кеңештин мыйзамынын негизинде бизди көп жолу камакка албады беле. Ошол мыйзамга эл арасында көп нааразычылыктар болуп, тескери реакция болгон. Бул мыйзам деле ошондой нерсеге туш болот деп ойлойм. “Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын атынан да айтып коеюн, биз бул мыйзамга баш ийбейбиз.

Укук коргоочулар буга байланыштуу өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, мындан аркы кадамдарын белгилеп жатышат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, президент бул мыйзамга кол коюу менен авторитаризмге бет алганын дагы бир жолу тастыктады:

- Биз азыр укук коргоочулар бири-бирибизге байланышып, кеңешип атабыз. Биз аябай нааразы болдук. Канча кайрылганыбызга карабай, канча факты-далилдерди келтирип, ой-пикирлерибизди айтканыбыз менен, биздин айткандарыбыз эске алынган жок. Президент кол койгон мыйзам бул – авторитаризм.

Ошентсе да бийлик өкүлдөрү мындай кадам өлкөдөгү бардык жарандардын укуктарын эске алуу менен жасалганын, кайсы бир топтун укуктары деп андан көп калктын катмарынын укуктары бузулбашы керектигин айтышат. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, мындан саясат жасоонун эч кандай зарылчылыгы жок:

- Ноябрь митингдери учурунда Ала-Тоо аянтында кандай баш аламандыктар болду. Ошол эле учурда шаардыктарга жана шаарга келген конокторго аябагандай ыңгайсыздык түзүлбөдүбү. Шаарда дээрлик миллиондой эл жашайт. Ал эми митингдерге болсо көп болсо 15 миңдей адам чыгат. 3-4 миң адам эле ошол миллиондой элдин тынчтыгын бузуп, алардын күндөлүк турмушуна тоскоолдук кылганы мыйзамга сыйбаган нерсе.

“Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев болсо, азык-түлүк каатчылыгын жөндөй албай, энергетикалык кризиске жол берген бийлик элдик толкундоолордон коркуп, алардын көчөгө чыгуусун чектеш үчүн алдын ала ушундай кадамдарга барды:

- Биринчиден бул мыйзам өзү эле Кыргызстандын баш мыйзамына каршы келип атат. Анткени, кыргызстандын жарандарынын укуктарын чектеп, бийлик мыйзамсыз жолго барып атат. Эгер мамлекет тараптан олуттуу мыйзам бузуулар болсо же эл олуттуу себептер менен козголсо, анда албетте буга эч ким баш ийбейт.

Эскерте кетүүчү нерсе, президент кол койгон бул мыйзамдын демилгечиси Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев. Буга чейин депутат И.Масалиевдин бул мыйзам долбоору бир топ сынга кабылып, ал өзү “керек болсо бул мыйзамды дагы да катаалдаштырса туура болот” деген оюн айткан. Ошол мыйзам долбоор 13-июнда парламентте жактырылып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Буга чейин бир катар коомдук уюмдар, Акыйкатчы жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму сыяктуу тараптар, президенттен бул мыйзамга кол койбоосун суранышкан.

XS
SM
MD
LG