Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

15:58 Кыргызстандагы укук коргоочулар президенттин “Митинг, жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү мыйзамга кол коюшуна байланыштуу билдирүү таратты


Укук коргоочулардын консультативдик-координациялык кеңеши анда президент Курманбек Бакиев мыйзамга кол коюу менен авторитаризмге барчу анык жолду тандап алды, ал мыйзам жарандардын сөз эркиндиги, өз көз карашын эркин билдирүү,тынч митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укуктарынын түпкү принциптерин бузат деп айтылат. Президенттин басма сөз кызматы бул мыйзам жыйындарды өткөрүү боюнча эрте кабар берүүнү гана бекемдейт деп элди адаштырып жатат, мындай жобо мурунку президент Акаевдин тушунда кабыл алынган 2003-жылкы Конституция менен эле бекиген болчу деген укук коргоочулар бийлик жарандар сокур жана дүлөй болушун кааларын ачыктады, бир колу менен мыйзамга, бир колу менен Адам укуктарынын жалпы декларациясынын мааракелик иш-чараларын өткөрүүнү белгилеген мамлекеттик жетекчиликтин аракети кош стандарт деп баалашты. (BD)

XS
SM
MD
LG