Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

И.ЧУДИНОВ: КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ КУМТӨРДӨГҮ АКЦИЯСЫН КӨБӨЙТҮҮ АРАКЕТИНДЕ


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов «Азаттыкка» интервью берип, быйыл дандан, нандан кыйынчылык болбой турганын, бирок 1-ноябрдан тартып жаз келгенче электр кубатын пайдаланууга чектөө киргизилээрин, өзбек газы кымбаттай турганын билдирди. Мындан тышкары өкмөт башчысы кант иштетүүчү заводдорду кайра мамлекетке алуу жагы каралып жатканын, Кумтөр кени боюнча жаңы келишимге кол коюлушу ыктымалдыгын айтты. ( Маектин 1-бөлүгү)

«Азаттык»: - Игорь Витальевич, азыр эл да, өкмөттүн өзү дагы азык түлүк жана энергетика коопсуздугуна тынчсызданып турат. Тамак-аштан баштайлы. Өкмөт айрым аракеттерди көрүп жатканы менен базарда баалар түшпөй жатпайбы. Мисалы, койдун баасы 6-7 миң сомго чыгып, кайра ал азыр 3000 сомго чейин арзандап калды. Бирок базарда эттин баасы ошол бойдон калды. Кантип эле өкмөттүн колунда бааларды түшүрө турган айла-амал, күчтөр калган эмес?

И.Чудинов: - Туурасын айтканда, 18 жылда биз жеке базарларды көзөмөлдөөдөн кеттик деп мактаныч кылган элек. Инфляция болгонго чейин биздин базарлар өзүнүн көп түрдүү арзан товарлары менен Борбор Азияда алдыңкы сапта турган. Тилекке каршы, ал убак аралыгында биз базарлардагы бааларга мыйзамдуу жолдор менен таасир бере турган күчтөн ажырап калган экенбиз. Бүгүнкү турмуш биз бул жагынан шашып кеткенибизди көрсөтүп атат. Ошондуктан биз бүгүн тилекке каршы, административдик күчкө салууга аргасыз болуп отурабыз. Биз эми базарлардагы бааны көзөмөлдөөгө аракет кылабыз, анын ичинде эт сата турган базарларда дагы. Андан тышкары эми биз президенттин тапшырмасы менен жергиликтүү базарларды ачалы деп турабыз. Жакынкы күндөрдө андай базарлар алгач Бишкек менен Чүйдө, андан кийин башка облустарда ачылат.

«Азаттык»: - Ал базарлардын, айыл чарба корпорациясынын иши кандай жолго коюлат?

И.Чудинов: - Ал базарлар айыл чарба корпорациясы менен тыгыз иштейт, биздин алгачкы максатыбыз – ал корпорацияга акча беребиз, анткени ал акчанын артынан кууган компания болбойт, тескерисинче, тамак аш менен базарларды жабдып, толтура турган корпорация болот. Корпорация 100 пайыз мамлекеттик болуп, зарыл учурда дыйкан, фермерлерден азык түлүктү сатып алып турат, зарыл болсо тамак ашты чет мамлекеттерден сатып келет. Эң негизгиси – ал кайра иштетүү жагын колго алат дагы, чет мамлекетке малды бүкүлү сатпай, андан эт, тери алып аны баалуу товарга айлантып сатууну колго алат. Эң негизгиси – базарды тиешелүү азык-түлүк товарлары менен жабдып туруу анын башкы милдети. Азыр экономика атаандаштыкты арттырып, анын аркасында базарды товар менен, тамак аш менен жабдып турууну талап кылып атат.

«Азаттык»: - Мен ушул жерден бир суроо бергим келип жатат. Өзүңүз жакшы билесиз – быйыл кант заводдору иштеген жок, анткени кант кызылчасын дыйкандар айдабай коюшту?

И.Чудинов: - Кант кызылчасын кайра иштетүү тармагын менчиктештирүү тилекке каршы, айыл чарбасынын маанилүү бөлүгү болгон кант тармагын таптакыр отургузуп таштады. Мунун эми бир канча себептери бар. Бирок бүгүн биздин алдыбызда Мүлк фондусу аркылуу бул ишканаларды мамлекетке кайра алып, аларды жакшы иштете турган тараптарга берүү маселеси турат. Ал эми заводдун жетекчилеринин өкмөткө газдын жана электр кубанынын баасын арзындатып бергиле дегени аткарылбай турган талап. Четтен кант кызылчасын жана башка сырьелорду ташып келүүгө тыюу салуу дагы биз өзүбүз кумшекерди өтө аз чыгарып жаткан шартта базарда бул товардын таңкыстыгын түзүшү ыктымал, биз ага жол бербешибиз керек. Ошентип, айыл чарба министрлигинин алдында эмдиги жылы кант кызылчасынын аянтын көбөйтүп, анын түшүмүнүн бир бөлүгүн Кайыңдыдагы кант заводунда иштетүү милдети турат. Бул албетте, оңой иш эмес, бирок аны жасаса болот

«Азаттык»: - Эмки суроом энергетикалык коопсуздук жөнүндө. Бүгүнкү күнү, менин оюмча, баардыгы эле энергетика тармагындагы крисиз энергокомпания жетекчилеринин майнапсыз, алысты көрө билбеген начар ишинин натыйжасы болгонуна макул болсо керек. Ушуга байланыштуу кандайдыр бир өкмөттүк комиссия түзүлүп, ким кандай кемчилик кетиргенин аныктай алабы, аныктаса, бирөө -жарым кызматтан кетеби?

И.Чудинов: - Ооба, өкмөттүн жыйынында суу-энергетикадагы абалды иликтөө боюнча андай комиссия түзөлү деп чечим кабыл алганбыз. Суунун кайсы бир жылдары катары менен байып, аз келиши бул - система, боло турган иш, ал изилденип, далилденген. Биздин эң башкы кемчилигибиз – 2004-жылы өтө көп өлчөмдөгү электр кубатын иштетип, анны чет мамлекетке сатып жибергенбиз. Ошондо Токтогулдагы суунун көбү агып кеткен экен. Тилекке каршы кийинки жылдарда ал сууну кайра толуктап алууга мүмкүн болгон жок. Комиссия түзүлөт, бирок биз ага карабай эле, кайсы жерден кандай кемчилик кеткенин жакшы билебиз. Анализдер көрсөтүп жаткандай суу аябай көп келген жыл болсо дагы биз 2 млрд. кВ/саат электр кубатынан ашыкты сыртка сатпашыбыз керек. Бул кемчиликти биз эске алабыз.

«Азаттык»: - А мындай болуп калбайбы анда, мурда кыргыз бийликтери оппозиция менен өлкөдөгү пикет, митингдер иштегенге тоскоол болуп жатат деп айтышчу эле, эми болсо жаратылыш, суунун аз келиши өкмөткө тоскоол болуп аткандай болуп калбайбы?

И.Чудинов: - Менимче, бул жерде иштин саясий өңүтү менен экспорт, оппозиция менен электр кубатын тышка сатуунун эч кандай байланышы жок. 2005-жылы газ кескин кымбаттап кетти, ошондо Бишкек ТЭЦине көмүрдү жакшылап топтоп алганда болмок, андай болбогон соң ТЭЦке кеткен чыгымды жабу максатында электр кубатын тышка сатуу улантыла берген. Ошондо эле ТЭЦтен чыгып аткан ысык сууга бааны кымбаттатып, ошондо эле бир катар маселелерди чечкенде болмок. Ансыз бизде теңсалмакталган энегобалансты сактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG