Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

18:40 Ош шаардык мамлекеттик тил комиссиясы ОшТВ, МезонТВ менчик телекомпанияларына эскертүү жасады


Ош калаасынын биринчи вице-мэри, шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Арфидин Аланов «Азаттыкка» кабарлагандай, буга чейинки бир нече жолку эскертүүгө карабастан ОшТВ, МезонТВ менчик телекомпаниялары берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде жүргүзбөйт, кыргыз адабий тилинин эрежелерин сактабайт. Ошол себептүү эки телекомпания мындан ары да аталган мыйзамга баш ийбөөнү улантышса, алардын обого чыгуусун чектөө маселеси менен тиешелүү органдарга коюлат. ОшТВ телекомпаниясынын директору Халилжан Худайбердиев Ош шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын дооматы менен тааныш эместигин, андыктан, пикир айтууга батынбай тургандыгын билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG