Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ГУАНТАНАМО: САЛИМ ХАМДАНГА КАРАТА АЛГАЧКЫ СОТ ӨКҮМҮ УГУЗУЛДУ


Шаршембиде (06-августта) Гуантанамо булуңунда кармалып жаткандардын биринин - кезегинде Осама бен Ладендин айдоочусу болгон кишинин үстүнөн жүргөн сотто айыпталуучуга алгачкы өкүм жарыяланды. Пентагон тарабынан дайындалган жана алты аскердик офицер мүчөсү болгон бул сот Салим Хамданды террорчулукка материалдык жардам көрсөткөнү үчүн күнөөлүү деп тапты. Бирок Хамдан мырзага коюлган өтө олуттуу айып – анын 2001-жылдын 11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдарды уюштурууга катышкандыгы тууралуу доо сот тарабынан четке кагылды. Ошондой болсо да, бул йемендик атуул өмүр бою абакка кесилиши да ажеп эмес.

37 жаштагы йемендик Салим Хамдан (Salim Hamdan) шаршембиде Гуантанамо булуңундагы америкалык деңиз аскер базасында жайгашкан сот өзүнө карата өкүм окуп жаткан чакта көз жашын төгүп ийди.

Салим Хамдан 2001-жылы ноябрда Ооганстанда туткунга түшүрүлгөн жана ошондон бери сотсуз эле Гуантанамодогу абакта кармалып келген.

Салим Хамдан президент Жорж Буштун жардыгы менен түзүлгөн аскердик соттук комиссия аркылуу соттолуп жаткан алгачкы киши.

Бул сот системасы жана Хамданга коюлган доолор тууралуу ушул тапта талаш-тартыштуу пикирлер айтылып келет.

Маселен, айыптоочу тарап Хамданды Осама бен Ладендин Ооганстандан качып кетишине жардам кылган жана «ал-Кайида» үчүн ракеталарды унаа менен ташыган деп айыптаса, анын коргоочулары болсо 200 доллардык айлык маянага иштеген киши террорчул иш-аракеттерге кантип уюштуруучу катары катыша алсын деп каршы пикирин билдиришти.

Салим Хамдандын коргоочуларынын бири, адвокат Майк Берриган (Mike Berrigan) мырза Хамданга карата коюлган өзгөчө олуттуу доо тастыкталбагандыгын, сот аны 2001-жылдын 11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдарды уюштурууга тийешеси жок деп тапканын баса белгилейт:

- Бул бардык айыптоолордун чыныгы карикатурасы – Хамданга карата тээ 2004-жылы эле коюлган доолор боюнча анын айыптуу эмес деп табылгандыгы. Бул доолордун бардыгы боюнча ал ак деп табылды. Аны күнөөлүү деп тапкан айыптоолого келсек, алар 2006-жылдагы Аскердик Комиссиялар тууралуу актынын негизинде кошумчаланган доолор болуп саналат. Бирок мындай айыптоолор Хамдан Гуантанамо булуңунда көптөн бери кармалып жаткандан соң кошумчаланганы көңүлгө алууга арзыйт.

Гуантанамодогу жабык сотту сынга алгандар бул аскердик соттук комиссия Конституцияга төп келбеген орган болуп саналат, анын иштөө кырдаалында айыпталып жаткандардын акталып чыгышы дээрлик мүмкүн эмес деген жүйөөнү айтса, сотту коргоочулар болсо террорчу катары айыпталып жаткандарга өздөрүн коргоого кеңири мүмкүнчүлүк ыйгарылганын билдиришүүдө.

«Хюман райтс уотч» уюму болсо аскердик соттук комиссиянын өкүмүн сынга алып, колу-буту кесилген коргоо системасы бар сот адилет өкүм чыгара албайт деп билдирүү жарыялады.

Ал эми Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Тони Фратто «Хамдан адилет сот алдында жооп бергенине» өзүнүн ыраазы экендигин айтты.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагондун) басма сөз өкүлү Жей Ди Гордон (J.D. Gordon) да ушундай эле оң маанайдагы ою менен бөлүшөт:

- Хамдан мырза толугу менен жана адилеттүү сот алдында жооп берди. Ал террорчулукка материалдык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн күнөөлүү деп табылды, ага карата коюлган сегиз доонун бешөө боюнча ал айыптуу табылды. Биз өзүбүз көрүп тургандай, аскердик соттук комиссиялардын жараяны улам илгери жылууда.

Өткөн айда АКШнын Жогорку Соту чечим кабыл алып, Гуантанамодогу аскер базасында кармалып жаткандардын өздөрүнүн кармалышына каршы доо менен кайрылуу укугун АКШ Конгресси жокко чыгара албайт деген.

Бирок Жогорку Соттун чечими Хамданды соттоп жаткан жана башка аскердик соттук комиссиялардын ишине кедерги тийгизген эмес.

Хамдан өзүнө карата чыгарылган өкүмгө каршы АКШнын Жогорку Сотуна чейин арызданып кайрыла алат.

Ал эми шаршембиде ага карата чыгарылган өкүмдү жалпы эле АКШнын аскердик сот комиссияларын көзөмөлдөгөн расмий өкүл териштирип, андан соң Аскердик комиссияларды текшерүүчү сот карап чыгууга тийиш.

Ушул тапта Гуантанамодо 260тай киши кармалууда. Пентагондун айтымында, жакында алардын ичинен 20сынын үстүнөн аскердик сот жараяны башталмакчы.

XS
SM
MD
LG