Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 07:08

Түштүк Осетия: Аскер күчтөрүнүн чабуулунан 18 адам жаракат алды


Орусиянын маалымат агенттиктеринин бүгүн жазганына караганда, Түштүк Осетияда Грузиянын аскер күчтөрүнүн чабуулунан 18 адам жаракат алды. Түштүк Осетиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кабарлоосуна ылайык, 14 жарадар бейтапканага жаткырылды. Ушул аптанын башында жикчил аймак болуп эсептелген Түштүк Осетиянын лидери расмий Тбилиси менен сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG