Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Пакистанда кагылышуудан 25 талип жоочулары өлтүрүлдү


Пакистанда бүгүн Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанында орун алган кагылышуудан 25 талип жоочулары жана эки пакистандык жоокер набыт болду. Бул тууралуу Пакистандын өкмөтү жана Коопсуздук күчтөрүнүн аткаминерлери билдирди. Шаршемби күнү түнүндө талип жоочулары Бажаур вилайетинде коопсуздук күчтөрүнүн унааларына кол салган. Өзүн “талиптердин басма сөз өкүлү” деп тааныштырган Маулави Омардын айтымында, кагылышуулардан 15 пакистандык жоокер набыт болгон.

XS
SM
MD
LG