Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Д. ОШУРАХУНОВА: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАЙЛООЛОРГО ЭЛ КӨБҮРӨӨК КЫЗЫГАТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Президенттин жардыгына ылайык 5-октябрда жергиликтүү Кеңештерге шайлоо өтөт. БШКнын маалыматы боюнча 40 райондук, 425 айылдык, 9 облустук кеңештерге, Бишкек баштаган 9 шаардык кеңешке шайлоо өткөрүлгөнү турат. Шайлоону демократиянын талаптарына ылайык өткөрүүгө чакырган кайрылууну кечээ Кыргызстандагы укук коргоочулардын координациялык кеңеши, президентке, өкмөткө жолдоду. Кеңешке кирген «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын лидери Динара Ошураxунова “Азаттыктын” түз обосунда маек куруп берген.

“Азаттык”: -Динара айым, кечээ сиздер жолдогон кайрылуунун чыгышына эмне түрткү болду?

Д. Ошурахунова: - Бул абдан зарыл кайрылуу болчу. Анткени өткөн парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө ойлонуп, биздин шайлоочулардын ишеними абдан ылдый болду. Андыктан биз ушундай кайрылуу жазалы дедик.

“Азаттык”: - Эми шайлоонун ачык айкын өтүшү жарандык коомдон да көз каранды да. Жергиликтүү кеңештеге шайлоо боюнча сиздер тараптан кандай аракеттер болот? Мисалы, административдик ресурстарды пайдаланбоонун кандай механизмдери бар?

Д. Ошурахунова: - Бул негизинен административдик ресурсту колдонуу деген бизде Советтер Союзунан бери келе жатат. Бирок 2005-жылдан бери бул өтө кеңири колдонууга айланып кетти. Айрыкча парламенттик шайлоодо административдик ресурс абдан катуу иштеди. Ал оппозициялык партияларды өткөрбөөгө көп жумуштарды жасады. Механизм деп жатпайсызбы, мен айтып кетейин, механизм деген бир эле элдин, шайлоочулардын үнү, шайлоочулардын өзүнүн укугун тебелетпей, өзүлөрү ачык-айкын айтып турса, административдик ресурс азыраак колдонулабы деген бизде үмүт бар. Бирок биз дайыма административдик ресурсту ким колдонуп жатат, фамилиясын, атын, кандай кызматта отурат айтып турсак, ошондо административдик ресурс азыраак колдонулабы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Динара айым, силердин “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы байкоо жүргүзөбү? Ушул кезде канча байкоочу даярдалып жатат?

Д. Ошурахунова: - Биз учурда бул тууралуу ойлонуп жатабыз. Биздин байкоочулар ишин баштаганы турат. Биз азыр календарлык планды БШКдан алып, кайсы пунктарды алабыз деп караштырып жатабыз. Албетте, биз байкоо жүргүзөбүз. Андан тышкары шайлоо күнү сөзсүз өзүбүздүн байкоочуларыбызды коёбуз. Дагы бир чоң демилге алып чыгып жатабыз, ага алты чоң уюмдар кошулуп жатат. Биз ал жөнүндө дагы толук маалымат беребиз.

“Азаттык”: - Динара айым, айтсаңыз жергиликтүү Кеңештерге шайлоого элдин катышуусу кандай болот деп ойлойсуз? Эгер мурдагы парламенттик шайлоодо элдин көңүлү добуш берүүдөн кайт болуп калганын эске алганда.

Д. Ошурахунова: - Мен парламенттик шайлоо деген жалпы негиздик шайлоо деп ойлойм. Элдер ага анча көңүл бурбайт. Ал эми жергиликтүү Кеңештерге көбүнчөсү сиздердин кошунаңар, классташтар, туугандар тадапкер болгондуктан карапайым эл жергиликтүү шайлоого көбүрөөк маани бурат. Менин оюмча бул шайлоого эл көбүрөөк эле катышат. Биз коалиция дагы башка уюмдар менен чогулуп шайлоочуларга кеңири окутуу-түшүндрүү жүргүзөбүз. Жергиликтүү Кеңештердин функцияларын, шайлоочулардын укуктарын жана жаңы кодекстеги өзгөрүүлөр тууралуу окууларды жүргүзөбүз.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG