Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

ТОКМОК: МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН “ЭРКЕКЧЕ ” ЭРӨӨЛҮ ЭМНЕ МЕНЕН АЯКТАЙТ?


Жазгүл Жамангулова, Чүй Үстүбүздөгү жылдын 21-май күнү Токмок шаардык ИИБнүн кызматкери Руслан Алымкуловдун өлүмү тууралуу маалымат тараган. Андан соң кылмышка шектүү деп Токмок шаардык ИИБнүн кызматкерлери Нурлан Сатышев, Асылбек Молдалиев, Кубанычбек Жамакеев жана Эрлан Молдосанов камакка алынган. Айыпталуучулардын жакындары тергөө иши адилетсиз жүрүп жатканын белгилешип, бул кылмыш ишине кармалган милиция кызматкерлеринин тиешеси жок дешет. Алар каза болгон Руслан Алымкулов улгайган аялды жана анын беш жаштагы небересин зордуктоого аракет кылгандыгын айтышууда. Ал эми тергөө-иликтөө органынын өкүлдөрү бул окуяны милиция кызматкерлери катышкан эң оор кылмыш иши деп белгилешүүдө.

«Мени менен беш жаштагы неберемди зордуктоого аракет кылган зөөкүрдү эске алышкан жок. Биздин жабыркаганыбыз туурасында сөз жок. Баары эле өлгөн Руслан Алымкулов туурасында ойлоп жатышат,” дейт шектүү деп кармалган Эрлан Молдосановдун апасы Тамара Асанкожоева.

Анын айтымында, каза болгон кенже лейтенант Руслан Алымкулов үстүбүздөгү жылдын 17-май түнү кесиптеши Эрлан Молдосановдун үйүнө кызуу абалында барат. Анан түндүн бир оокумунда Тамара Асанкожоеваны (Эрлан Молдосановдун энеси-авт) жана анын беш жаштагы небересин зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалып, качып кетет. 18-майдын күндүзү Токмок шаардык ИИБнүн кызматкерлери Нурлан Сатышев, Асылбек Молдалиев, Кубанычбек Жамакеев жана Эрлан Молдосанов Руслан Алымкуловду Эрландын үйүнө алып келип кечирим суратышкан.

Эртеси күнү кечирим суроого келгенде Руслан Алымкулов жерге чөгөлөп, биздин атабыздан кечирим сураган. «Ошол окуяны мастыгым менен жасап койгонума өкүнүп, курума муунуп өлсөмбү дедим. Бирок өлбөй калдым» деп ыйлаган болчу ал, -дейт Тамара Асанкожоева.

Руслан Алымкулов кечирим сурагандан кийин окуянын бардык катышуучулары жабылуу аякты жабылуу бойдон калтыралы деген чечимге келишкен. Тамара Асанкожоеванын айтымында, “эркекче сөздөр” ошол жерден бүткөн. Бирок 21-май күнү Руслан Алымкуловдун сөөгү табылган. Алгач өзүн-өзү өлтүрдү дешкени менен кийинчерээк аны кечирим суратканы Эрлан Молдосановдун үйүнө алып барышкан төрт кесиптеши - милиция кызматкерлери Нурлан Сатышев, Асылбек Молдалиев, Кубанычбек Жамакеев жана Эрлан Молдосанов кылмышка шектүү деп кармалышкан. Учурда алар Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларда сурак берип жатышат.

Айыпталуучулардын жакындары тергөө иштеринини жүрүшүнө нааразы экендиктерин, «балдарыбызды кыйнап жатышат» деген тынчсыздануусун «Азаттыкка» телефон аркылуу билдиришти. Айыпталуучу Кубанычбек Жамакеевдин апасы Т. Жамакеева мындай дейт:

-Кармалган балдарыбыз адвокат аркылуу өтө кыйналып жаткандыктары туурасында айтып атышат. Убактылуу кармоочу жайда аларды дубинка менен сабашып, күнөөнү кыйноо жолу менен моюндарына алдыруу аракеттери болуп жатыптыр. Балдарыбыз майып болуп калабыз деп коркушууда. Алар күн сайын ыйлап кат жазып жатышат.

Кылмышка шектүү деп кармалгандардын жакындарынын мындай нааразылыгына тергөөчүлөр макул эмес. Чүй облустук прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү Азат Өскөнбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул ички иштер кызматкерлеринин катышы бар делген эң оор кылмыш иши:

- Бул өтө оор кылмышка кирет. Чынында кармалган милиция кызматкерлеринин жакындары күнөөнү бир аз жеңилдетип коюу максатында ушундай кадамдарга барышууда. Азыр тергөө жүрүп жатат. Баарын дыкат иликтөөгө аракет кылып жатабыз. Баары мыйзамдын чегинде жүрүп жатат. Тергөө иштеринин дагы бир ай убактысы бар.

Эрлан Молдосановдун апасы балам күн сайын ыйлап кат жазып, «мени ур-токмокко алып, майып кылган турушат, мага жашоо керек. Мени алып чыгып кеткиле», деп жазып жатат дейт. Тергөөчү болсо Эрлан Молдосанов эч кандай кыйноосу жок эле көрсөтмө бергенин тастыктап, сурак берип жаткандардын абалы туурасында өзү дагы жоопкерчиликтүү экендигин кошумчалады.

Айыпталуучулардын коргоочулары менен жакындары Ички иштер министрине кайрылуу жазып, иштин акыйкат иликтенишин суранышууда.

XS
SM
MD
LG