Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

ЦХИНВАЛИ КУРЧООГО АЛЫНДЫ


Грузиянын аскерлери ал өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини курчоого алды. Бул тууралуу грузин расмий өкүлдөрү билдирди. Мунун алдында, өткөн түнү грузин күчтөрү Цхинвалиге чабуул баштаган эле. Грузин тарап өз аракетин "Түштүк Осетияда конституциялык тартипти орнотууга" багытталган операция катары мүнөздөдү.

Маалыматтарга караганда, Түштүк Осетиянын борбору курчоого алынгандан сырткары, мурда Түштүк осетиялык жикчилерге ыктап келген беш кыштак грузин аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн. Цхинвали оор куралдан аткылоого кабылган. Өткөн түнү аскерлер Цихинвалиге чабуул баштаганда, грузин армиясынын генералы Мамука Курашвили алардын аракетин "Түштүк Оссетияда конституциялык тартипти орнотууга" багытталаган операция катары мүнөздөгөн эле.

Грузин өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, алар Түштүк Осетиядагы грузин кыштактары жоготууларга учураган соң жарандарды коргоо үчүн "адекваттуу чара" көрүүгө аргасыз болду.

Мунун алдында, кечээ грузин президенти Михаил Саакашвили ок атышууну тезинен токтотуп, кырдалды жөнгө салуу үчүн Түштүк Осетиянын бийликтерин сүйлөшүүгө чакырган.

Соңку окуяларга байланыштуу Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Грузиянын жетекчилиги ишенимден чыкканын" билдирди. Орусиялык телеканалдардын такталбаган маалыматтарына караганда, аткылоодон Цхинвалиден жана анын айланасынан кеминде 15 киши мерт болгон. Орусия тышкы иштер мининстрлигинин билдирүүсүндө алар кан төгүүнү алдын алуу, тынчтыкты калыбына келтирүү багытында иштээри айтылат.

Орусияда Түштүк Осетия жикчилеринин жетекчилиги менен тыгыз байланыш бар.

Вашингтондон Мамлекеттик депаратаменттин өкүлү тараптарды ок атышууну тезинен токтотууга жана түз сүйлөшүүгө чакырды. Вашингтон Орусия жана Грузиянын расмий өкүлдөрү менен байланышта экенин маалымдады. Соңку кырдаалды бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши талкуулары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG