Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

АФРИКА: МАВРИТАНИЯ ХУНТАСЫ “ЭРКИН ШАЙЛОО” ӨТКӨРҮҮГӨ УБАДА КЫЛДЫ


6-августта Африканын түндүк-батышындагы Мавритания өлкөсүндө аскердик төңкөрүш жасап, бийликке келген хунта бейшембиде билдирүү жасап, өлкөдө эркин жана ачык шайлоо өткөрүлөөрүн айтты. Ал эми дүйнө коомчулугу, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги, Кошмо Штаттар жана Араб Лигасы бул төңкөрүштү терең айыпташты.

Мавритания Ислам Жумуриятында демократиялык жол менен шайланган мамлекет башчысын шаршембиде (6-августта) кансыз аскердик төңкөрүш аркылуу бийликтен кулаткан хунтанын башында президенттик гвардиянын колбашчысы, генерал Мухаммед Улд Абдел Азиз (Mohamed Ould Abdel Aziz) турат. Ал жетектеген “Мамлекеттик кеңеш” аттуу орган ушул тапта өлкөнү башкарууда.

Өлкөнүн ордо шаары Нуакшоттон (Nouakchott) алынган кабарга караганда, хунтанын жетекчилиги бейшембиде жалпы улутка кайрылып, “эркин жана ачык президенттик шайлоо” өткөрүүгө убада кылды, бирок бул “эрте шайлоонун” так мөөнөтү ачыкталган жок.

Дүйнө коомчулугу хунтанын төңкөрүшүн терең айыптап чыкты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Басма сөз каражаттары менен иш алып барган бөлүмүнүн башчысы Гонзало Галлегос мырза (Gonzalo Gallegos) болсо 6-августтагы маалымат жыйынындагы сөзүндө Нуакшоттогу окуяларга карата Кошмо Штаттардын мамилесин мындайча ачыктады:

- Биз Мавританиянын демократиялык жол менен шайланган өкмөтүнүн мавританиялык аскер жетекчилиги тарабынан кулатылышын, сөздүн курч маанисинен алганда, өзгөчө айыптайбыз. Биз аскерлердин өкүлдөрүнүн конституцияга жатпаган усулдар аркылуу ар кандай өкмөттөрдү өзгөртүү аракеттерине каршыбыз. Биз аскер жетекчилигин президент менен премьер-министрди бошотууга жана мыйзамдуу, конституциялык, демократиялык жол менен шайланган өкмөттүн бийлигин дароо калыбына келтирүүгө чакырабыз.

Башка эл аралык коомчулук өкүлдөрүндөй эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун мырза да Мавританиядагы төңкөрүштү кескин айыптап чыкты жана өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү тез арада калыбына келтирүүгө чакырды. Араб Лигасы менен Европа Биримдиги да төңкөрүштү айыпташты.

Европа Биримдиги, эгерде мыйзамдуу бийлик кайра келтирилбесе, анда өлкөгө берилмекчи болгон 241 миллион доллардык жардамды жиберүүдөн баш тартышы ыктымалдыгын эскертти.

Мурда маалымдалгандай, 6-августта президенттик гвардиянын колбашчысы, генерал Мухаммед Улд Абдел Азиз жетектеген козголоңчу аскерлер Нуакшоттогу президенттик сарайды басып алган соң, өлкө президенти Сиди Улд Шейх Абдаллахи (Sidi Mohamed Ould Cheikh Abdallahi) жана премьер-министр Йахйа Улд Ахмед эл-Вагф мырзалар камакка алынган.

Президент Сиди Улд Шейх Абдаллахи 2007-жылы 19-апрелде беш жылдык мөөнөткө мамлекет башчылыкка шайланган болчу, ал эми Йахйа Улд Ахмед эл-Вагф өкмөт башчылыкка быйыл 6-майда гана дайындалган.

Хунтанын жарыясына караганда, жакында эле президент Абдаллахинин жардыгына ылайык кызматынан кетирилген ири аскер башчылар кайра өз кызмат орундарына дайындалды. Маалыматтарга караганда, бул аскер башчылардын кызматтан алынышы аскердик төңкөрүшкө кошумча түрткү болгон.

Эки апта мурда өлкө парламенти өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу добуш берген соң, өлкөдө саясий кырдаал курчуп кеткен. Шейшембиде бийликтеги партиянын 48 депутаты бул партиядан чыкканын жарыя кылган болчу.

Айрым маалыматтарга караганда, президент Абдаллахинин эскичил көз караштагы мусулман диниятчылары менен ийри отуруп түз маек жүргүзүү аракети, президенттин аялынын мамлекеттик каражатты коромжуга учуратып жаткандыгы тууралуу айың кептер секулярдык топторду жана улам өскөн коррупцияга нааразы болгон саясатчыларды иренжиткен.

Ал эми коррупцияга белчесинен малынгандыгы жана авторитардык башкаруу усулу үчүн айыпталып, 2005-жылы бийликтен күч менен кетирилген мурдагы диктатор, президент Маауййа Улд Сиди Ахмед Таййанын (Maaouya Ould Sid'Ahmed Taya; бул ысымды арабдар Mu'awiya walad Sayyidi Ahmad Taya түрүндө да жазышат) бир катар эски жөкөрлөрүнүн быйыл май айында министрлик кызматтарга кайрадан дайындалышы сыяктуу окуялар мавританиялык коомчулуктун кыйла бөлүгүнүн нааразылыгын туудуруп жаткан.

Мавританияда 2005-жылы августта уюштурулган аскердик төңкөрүштүн артында да азыркы хунтанын башчысы Мухаммед Улд Абдел Азиз турганы маалым.

Ошондогу төңкөрүшчүлөр президенттин Сауд Арабстандын падышасы Фахдды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышуу үчүн эр-Риядга кеткен учурун пайдаланып, бийликти басып алышкан.

Таййанын бийликтеги партиясынын мүчөлөрү бир нече күндүн ичинде эле төңкөрүшчүлөр тарабына өтүп кетишти. (Салыштырсак, азыркы тапта “Алга, Кыргызстан!” партиясынын мүчөсү катары өзүн ачыктан-ачык жарыялаганга дааган кишилерди Кыргызстандан табуу кыйынга тураар.)

Мындан үч жыл илгерки бул төңкөрүштү калайыктын көпчүлүгү колдоп чыккан, себеби алар Маауййа Улд Сиди Ахмед Таййанын 1984-жылдын декабрынан берки өкүмзор бийлигинен жедеп чарчашкан болчу.

2007-жылы өлкөдө демократиялык мүнөздөгү шайлоолор өткөрүлүп, эл аралык коомчулукта дагы Африканын бул өлкөсүндө либералдык баалуулуктар тереңдеп тамыр жаят ко деген үмүт жаралган.

Мурдагы француз оторчулугу астында болгон бул мусулман өлкөсү дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын калк саны 3 миллион 177 миңден ашуун кишиден турат.

Өлкө 2006-жылдан бери анча-мынча мунайзат кендерин өздөштүрө баштаган.

Сүрөттө: Мавритания Ислам Жумуриятынын хунта тарабынан камакка алынган президенти Сиди Улд Шейх Абдаллахи. Сүрөт ”Ассошиейтед Пресс” (AP) басылмасынан алынды.

XS
SM
MD
LG