Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

07:18 Centerra inc. компаниясы менен сүйлөшүүлөр өтө оор абалда өтүп жатат


Кыргызстандын позициясы бекем – Centerra inc. компаниясындагы кыргыз тараптын акциясынын саны көп болушу керек, анткени Кумтөрдүн байлыгы Centerra inc. долбоорунда эң чоң орунду ээлейт. 2003-жылкы келишим болсо биздин мамлекеттин ички мыйзамдарын сактабай туруп кол коюлуп, күчүнө кирген. Ошол себептен ал келишим Кыргызстан менен Centerra inc. компаниясынын кызматташуусуна негиз болуп бере албайт, деп билдирди премьер-министр Игор Чудинов “Азаттыкка” кечээ берген интервьюсунда. Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн аракети Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн көбөйтүп, ага жараша салыктын өлчөмүн арттыруу болуп эсептелет. Ошол эле убакта Кумтөр кенине каршы эмес экениин белгилеген өкмөт башчы ал долбоордогу Кыргызстандын үлүшү тарыхый ордуна келиши керек деп кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG