Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалини курчоого алды


Акыркы маалыматтарга караганда Грузиянын күчтөрү ал жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини курчоого алды. Бул тууралуу грузиянын расмий бийлиги билдирүүдө. Орусиянын телеканалдарынын такталбаган маалыматына караганда кагылуушдан кеминде 15 адам каза болгону айтылууда. Грузин армиясынын генералы Мамука Курашвили грузин тараптын аракетин "Түштүк Осетияда конституциялык тартипти орнотууга" багытталаган операция катары мүнөздөдү. Грузин өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, алар Түштүк Осетиядагы грузин кыштактары жоготууларга учураган соң жарандарды коргоо үчүн "адекваттуу чара" көрүүгө аргасыз болгон. Мунун алдында кечээ грузин президенти Михаил Саакашвили ок атышууну тезинен токтотуп, кырдалды жөнгө салуу үчүн Түштүк Осетиянын бийликтерин сүйлөшүүгө чакырган эле.
Соңку окуяларга байланыштуу Орусия тышкы иштер министрлигин өкүлү "Грузиянын жетекчилиги ишенимден чыкканын" билдирди. Вашингтондон Мамлекеттик депаратаменттин өкүлү тараптарды ок атышууну тезинен токтотууга жана түз сүйлөшүүгө чакырды. Вашингтон Орусия жана Грузиянын расмий өкүлдөрү менен байланышта экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG