Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Салим Хамдан беш жарым жылга кесилди


"Ал-Каиданын лидери Усама бин-Ладендин мурдагы айдоочусу, Йемендин жараны Салим Хамдан алтымыш алты айга же беш жарым жылга түрмөгө кесилди. АКШнын алты офицеринен турган аскерий сот мындай өкүмүн кечээ жарыялады. Бул - террорчулукта шектелип Гуантанамодогу түрмөдө кармалып тургандардын иши боюнча биринчи сот өкүмү. Аскерий сот Усама бин-Ладендин мурдагы айдоочусун террорчуларга материалдык колдоо көргөзгөнү үчүн айыптуу деп тапты. Бирок мындан ооруурак - террордук кол салууларды ишке ашыруу үчүн кутумга баруу деген айыпты андан алып салды. Салим Хамдан түрмөдө отурганына беш жыл болуп калганына байланыштуу, эми алты айдын аралыгында абактан чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG