Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

10:20 М. Конгантиев милициянын полковнигинин өлүмүн иликтөө боюнча Ошто чукул жыйын курду


7-августта Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Ошко барып,4-августта киши колдуу болуп ажал тапкан милициянын полковниги, ИИМдин наркобизнеске каршы күрөш бөлүмүнүн башысынынын орун басары Анвар Алиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Материалдык жардам катары жүз миң сом берди. Министр ошол эле күнү Ош шаарынын жана облусттун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен чукул жыйын куруп, анда А. Алиевдин өлүмүн иликтөө боюнча отчетту укту. Бул иш боюнча түзүлгөн ыкчам-иликтөө топтун ишин көзөмөлдөө министрдин орун басарлары Дмитрий Федоров менен Жеңиш Жакыповго жүктөлдү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG