Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Т. ИСМАИЛОВА: МУНАПЫС МАСЕЛЕСИНДЕ АЧЫКТЫК БОЛБОЙ ЖАТАТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Эки күн мурда президент Бакиев “Аялдарга жана эрезеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Анын негизинде 32 аял жана өспүрүмдөрдүн жазалары жеңилдетилмекчи. Ушуга байланыштуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова “Азаттыктын” таңкы түз эфирдеги суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - Төлөкан айым, сиз түрмөлөрдөгү жарандардын укуктарын коргоп жүрбөйсүзбү. Түрмөдө отургандардын саны, тарткан жазалардын түрлөрү тууралуу айтып бере аласызбы? Маалыматыңыз барбы?

Т. Исмаилова: - Азыркы түрмөлөрдүн акыбалы социалдык-экономикалык жактан абдан оор. Ошондой оор, кыйноого барабар шартта отурган адамдардын саны 10 миңден ашык. Эки жыл мурун түрмөлөрдө 17 миңдей адам отурчу. Түрмөдөгүлөрдүн саны жылдан жылга кыскарып атканы менен шарты аябай начар. Колонияда отурган өспүрүм бардардын саны 65, ал эми 40ка жакыны убактылуу кармоочу жайларда отурушат. Аялдардын саны - 270. 56 аял ар кайсы убактылуу кармоочу жайларда отурушат.

Эми түрмөлөрдүн акыбалы боюнча биздин мониторингге караганда, эң негизги маселе - түрмөлөрдүн бюджеттик коррупциясы. Түрмөлөр бүгүн кредиторлорго карыз. Мамлекеттик мекеменин жеке кредиторлорго карыздакорлугу – бул Кыргызстанга гана таандык көрүнүш. Бул - уят иш.

“Азаттык”: - - Мунапыс тууралуу айтсаңыз, бул мыйзамга кимдер тушугат экен, байкоо жүргүзүп атсаңыздар керек?

Т. Исмаилова: - Биз мониторинг жүргүзүп атабыз. Бирок бу жерде деле ачыктык болбой жатат. Анткени, ошол мунапыска кызыкдар көп мамлекеттик кызматкерлер бар. Мен эч кимди түздөн-түз күнөөлөй албайм, система ошондой, бирок ошол түрмөлөрдүн башчыларынан баштап ошол түрмөдөн бошончуларга мыйзамдык түрдө адвокаттын жардамына, башка жардамдарга муктаждыктарын канагаттандырбайт. Чаташкан мурдагы карактоочу системага кабылган адам оңой менен чыга албайт. Жалпысынан айтканда, түрмөлөрдү бүгүнкү күндө ошол туугандары жана криминалдын бюджети багат. Эч кандай өкмөттүн ачык-айкын процедуралары түзүлө элек.

“Азаттык”: - Аялдардын, өспүрүмдөрдүн жасаган кылмыштарын негиздөө кандай тартипте жүргүзүлөт?

Т. Исмаилова: - Конституциянын 15-беренесине карабай, соттун чечими болмоюнча кармалып же камакка алынбайт деген берене жакшы иштебейт. Анан кармалган адам 48 саатка чейин кармалышы мыйзамдуу экендиги далилдөө үчүн сотко алып келүү да туруктуу сакталбайт. Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөөлөрүн келтирүү, адвокаттык укукту пайдалануу 95%ке аткарылбайт.

XS
SM
MD
LG