Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

МИТИНГДЕРДИ ЧЕКТЕГЕН МЫЙЗАМ - ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПРИНЦИПТЕРДЕН АРТКА ЧЕГИНҮҮБҮ?


Президент К.Бакиев кечээ “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Муну жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөдө адам укуктарын чектөө, авторитаризмге багыт алуу катары баалап жатышат. Бул мыйзам тынч митинг, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган Бишкек шаардык кеңешинин токтомунан адам укуктарын чектөө жагынан эч калышпастыгы айтылууда. Анткен менен президенттин басма сөз кызматы аталган мыйзамга президент өлкөдө тартипти орнотуу, жарандардын укуктарын чектөө эмес коргоо гана максатында кол койгунун маалымдады.

“Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам Кыргызстандын Баш мыйзамына карама-каршы келээрин, элдин эркин пикир билдирүүсүнө чек коёру коомчулукта буга чейин да айтылып, бир катар талкуулар болуп келген.

Парламент депутаты Исхак Масалиев иштеп чыккан бул мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште жактырылып, президенттин кол коюсуна өткөрүлүп бергенден тартып эле укук коргоочулар өлкө башчысын бул мыйзамга кол койбоого чакырып келишкен.

Кыргызстандын Омбудсмени Турсунбек Акун бул мыйзамды кабыл алуу менен Кыргызстан адам укуктары жаатында артка чегингенин айтат:
Бул мыйзам эл аралык Конвенцияларга, Баш мыйзамга, Адам укугунун декларациясына туура келбейт. Бул мыйзамга кол коюлганы менен ал конкреттүү түрдө иштебейт да. Мен бул мыйзамга кол коюлушун колдобойм, каршымын. Акыйкатчы катары бул боюнча президентке дагы бир ирет кайрылам.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы аталган мыйзага каршылыгын билдирип, өкмөттүн жумушчу тобунан чыгып жаткандыгын билдирди. Уюм тараткан билдирүүдө айтылгандай, бул мыйзам демократиялык принциптерден артка чегинүү болуп саналат.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев мамлекет башчыга карата айтылып жаткан жарандык коом өкүлдөрүнүн сын пикирлери негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, президент бул мыйзамга дал ушул демократияны, тартипти орнотуу, жарандардын укуктарын коргоо гана ниетинде кол койду:

Митинг, пикеттер кандай учурда, кайсы жерде өтөт, ушунун барын тактап койгонунун өзү так ушул демократиялык принциптерге туура келет. Эмне үчүн беш адам өздөрүнүн укугун коргоп чыгыш керек да, анын айынан башка миңдеген адамдар жапа чегиши керек.

Н. Шакиев ошондой эле айрым серепчилердин күзгө карай бийликке карата нааразылык чараларынын өтүшүн, жөө жүрүштөрдү алдын алуу максатында мыйзамга кол койду деген пикирлерине кошула алабстыгын баса белгиледи:

Күзүндө эл нааразылыкка чыгат деп айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар элди үдүргүтүп жатат. Бирок элде митинг уюштуруп, пикетке чыгалы деген ниет жок. Мен азыр Аксыда жүрөм, бул жерде эл бийликке нааразы болгонун бир да уккан жокмун. Тескеринче, алар тартип болсун деп айтып жатышат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо аталган мыйзам сот, административдик бийлик аркылуу адамдардын жыйындарды эркин өткөрүп, өз пикирин билдирүү укугунан ажыратууну көздөөрүн айтат.

“Тынч митингдерди өткөрүү тартиби” жөнүндө жаңыдан кол коюлган мыйзамда бир катар чектөөлөр киргизилген. Маселен, жергиликтүү администрация органдарына митинг жана коомдук иш чараларды өткөрүүгө уруксат бербеш үчүн сотко кайрылуу укугу берилген, митинг, пикеттер Ак үйдөн, президенттин резиденциясынан, Жогорку Кеңештин имаратынан, окуу жайлардан, аскерий мекемелерден, соттордон, кооптуу делинген объектилерден жана башка ушул сыяктуу жайлардан 30-50 метрден алыс жерде өтүшү керек. Мындай чектөөлөрдүн тизмесин коомдук демонстрациялар эртең мененки тогуздан кечки саат сегизге чейин өткөрүлсүн жана чатырларды тигүүгө тыюу салынсын деген сунуштар толуктады.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул мыйзам тынч митинг, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган Бишкек шаар кеңешинин токтомунан эч айырмасы жок мыйзам деп эсептейт:

Кечээ президент кол койгон мыйзам адам укуктарынын жыйындарды эркин өткөрүүсүнө өзүнчө бир чекти койду десек болот. Мырза Бакиев чыныгы авторитардык, тоталитардык системанын адамы экенин көрсөттү. Ошондуктан бул киши сөзсүз түрдө шайлоолор аркылуу кетиши керек.

Мына ушундай жагдайдан улам айрым укук коргоочулар бул мыйзамга баш ийбестигин, анда каралган чектөөлөргө каршы аракеттерди көрүшөөрүн билдиришти.

Эскерте кете турган факт – Конституциялык сот июнь айында укук коргоочулардын кайрылуусун канааттандырып, Бишкек шаардык кеңешиниин токтомун жокко чыгарган эле. Ал токтомдо дагы адамдардын эркин жыйналып, пикет, митинг өткөрүүсүнө бир катар тыюу салган жактары бар болчу.
XS
SM
MD
LG