Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Пост-советтик Борбор Азия республикаларынын суу-энергетикалык орток проблемаларын биргелешип чечүү аракетинен азырынча натыйжа чыга элек. Маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгы көп айтылганы менен өткөн айда Бишкекте чогулган тармак жетекчилери бир пикирге келе алышпай тарап кетишкен. Дүйнөдө чек аралык орток дарыялардын саны 260тан ашуун.

Социализм заманында сугат суу менен энергетикалык проблемаларды эриш-аркак чечүүгө арналып курулган суу сактагычтар менен электр станцияларынын иштөөсү өлкөлөр ортосундагы курч талашка айланаып кетерин пост-советтик Борбор Азия республикалары ушу тапта өз баштарынан кечирүүдө. Суу башында жайгашкан республикалар кышында электр энергиясын арбын иштеп чыгуу аракети менен алектенсе, Сыр дарыянын төмөн жагында жайгашкан Өзбекстан менен Казакстан үчүн жайкы сугат суунун кенен болушу маанилүү маселеге айланууда. Ортодон чыккан кызыкчылыктардын кайчы келишинен быйылкы июнь-июль айларындагы Бишкекте өткөн суy-энергетика тармак жетекчилеринин төрт тарапту келишим түзүү аракеттери натыйжасыз аяктады.

Академик Дүйшөн Маматканов төрт тараптуу келишимге кол коюлбай калышынан Кыргызстан зыян тартпайт деген пикирде.

- Кол койбогону кайра жакшы болуптур. Жөн эле бүгүнкү маселени чечиш керек. Негизи бул маселени кардиналдуу чечиш абзел. Маселе кабыргасынан коюлуп, так чечилиши туура болмок.

Аймактык проблеманы чечүүнүн антип татаалдашып баратышына суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын жер алдындагы отун-энергетика булактарынан бир аз чыкагыраак калганы да себеп болду шекилдүү. А бирок суу маселеси мунай менен газ сыяктуу эле саясий-экономикалык мамиле-катнашта олуттуу жүйөө катары пайдаланылчу мезгил деле келип калды окшойт. Аны суу маселесин талкуулаган төрт тараптуу жыйындардын Бишкекте өтүшү деле тастыктап турат.

Москва мамлекеттик университетинин профессору Ким Лосевдин ырасташынча, чоң дарыянын боюна жайгашкан өлкөлөр ортосунда сууну пайдалануу боюнча талаш-тартыштар, атүгүл куралдуу кагылышуулар болуп келген. Андайды болтурбаштын бир гана жолу бар.

- Суунун төмөн жагында жайгашкан өлкөлөр менен чыр-чатакка барбаш үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүп, сууну коромжусуз пайдалануунун жолдорун издөө керек.

Пост-советтик Борбор Азия республикаларында ачык талаш чакырып келаткан чоң талаш - суу товарбы, эгер ал товар болсо аны сатууга болобу деген суроо болууда. Ошондон суу-энергетикалык консорциум түзүү идеясы кыйла жылдардан бери ишке ашпай, талаштуу маселе арабөк калууда. Анын бир себебин Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын эксперти Муратбек Кошоев эл аралык укуктук негиздерге байланыштырат.

- А эң негизгиси, биз каалаган күндө деле сууну толугу менен тосуп кое албайбыз. Бул кадимки эле абаны өзбектер же башка бирөөлөр дем албасын деп токтотуп кое албашыбыздай эле кеп.

А бирок суу сатылабы же жокпу суроосуна келгенде эксперттердин көпчүлүгү суу бекер болушу мүмкүн, анткен менен сууну жеткирип берүүнүн акысы болуш керек деген пикирде. Ошондон Борбор Азиядагы эки ири дарыя орто жолдон бууп, жайкы сугат кезинде аны жөнөтүп тургандыгы үчүн суунун башында турган өлкөлөргө суу акысын төлөш керекпи же жокпу суроосу асманда асылып, талашка чекит коюлбай келет. Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматов өлкөлөрдүн орток келишимге жетише албай жатышын негизги себебин Өзбекстандын позициясына байланыштуу түшүндүрөт.

- Жазында сатып алышты каалабай турат. Эгер төрт тараптуу келишимге кол коюлса Өзбекстан Казакстанга керектүү өлчөмдөгү сууну берип турушка мажбур болот. Ошондон ал ойлонуп, өзүнө келчү пайда-зыянды эстеп кол койбой жатабы деген пикирдемин.

Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик тушунда кез келген орток суу маселеси чөлкөмдө эл көбөйүп,
суу тартыш
күчөгөн сайын курчуп кетерин адистер күн мурунтан эле болжолдоп келишкен. Ошону менен кыйладан бери айтылып келаткан суу-энергетикалык консорциум түзүү демилгеси колдоо таппай, орток проблеманы өлкөлөр өз алдынча чечет окшоп калды.
XS
SM
MD
LG