Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Элен Куленбекова, Сабыр Абдымомунов Бишкек Учурда жогорку окуу жайлардагы (ЖОЖдордогу) абитуриенттерди кабыл алуу комисиялары өз ишин жыйынтыктап калды. 1-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү айлампасы өттү. Жылдагыдай эле, педагогикалык адистикке тапшырган жаштар аз болуп, быйыл бюджеттин эсебинен бөлүнгөн орундардын 200 бош калды.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептерге 3 миңге чукул мугалим керек. Өзгөчө, информатика жана англис тили предметтери боюнча педагогдор жетишпейт. Андыктан көпчүлүк мектептерде дурус билими жок жаштар да мугалимдик ишке тартылышууда. Бул акыр аягында “билимсиз муундун” калыптанышына алып келээринен кооптонгондор чыгууда.

2008-жылдын абитуриенти Иязат болочок кесибин тандоодо көпкө ойлонгон жок. Ата-энеси “бюджеттик орунга илинип каласыңбы, мугалимдикке эле тапшырсаңчы” деп көндүргөнүнө карабай, башка кесиптин ээси болууну тандады:

- Бүгүнкү күнү мугалимдин эмгек акысы менен жаныңды бага албай калдың го.... Андыктан мен финансы жагына эле тапшырсамбы дейм.

Иязат бекеринен финансист болууну чечпесе керек. Кыргызстанда мугалимдер орточо эсеп менен үч миң сомдон айлык алышат. Бул айлык акы өлкөдө финансисттер алган эмгек маянадан беш эсеге аз.

Учурда Кыргызстандагы мектептерде 117 миң мугалим бар. Алардын 60 пайыздан ашууну - жашы кырктан өткөн жана эс алууга чыккандар. Нарын обулусундагы мектептердин биринде жыйырма жыл бою мектепте мугалим болуп иштеген Гулмира Макешова азыр жаш кадрлар мектептерде көпкө кармалбай жаткандыктарын белгилеп, буга ириде жаш адистерге карата мамлекеттин жетиштүү камкордук көрө албашы себеп болууда дейт:

- Жаш кадрларга деле эч шарт жок. Айлыктары аз. Андыктан мугалимдик кесипке көп киши көңүл бурбай калды. Мектептерде окуучулар мугалимден жакшыраак кийинип келип калышты. Анан жаш мугалимдер басынып калышат да. Иштегилери да келишпейт. Башка жумуштарга өтүп кетип жатышат.

Мына ушундай себептерден улам өз адистигине төп келбесе да, тыңыраак эмгек маянасы бар ишке кетип жаткан жаштар агымы жакынкы арада токтобойт көрүнөт. Ал тургай мугалим болууга дилгирленген абитуриенттер да жылдан-жылга азайып барат. Маселен, быйыл жогорку окуу жайлардагы педагогикалык адистикке берилген эки жүздөй орун бош калды.

Билим берүү министрлиги мугалимдик кесиптин баркын көтөрүү жана жаш кадрларды колдоо үчүн 2004–жылы “Жаш мугалимдин депозити” программасын ишке киргизген. Бул программага ылайык, министрлик донорлордон келген акчанын негизинде өкмөттөн дагы каражат кошумчалап, 700 жаш мугалимге депозит конкурсун жарыялап келген. Бирок бул программа да мугалимдерге болгон муктаждыкты чече алган жок шекилдүү. Муну министрликтин экономикалык бөлүмүнүн башчысы Салмоорбек Асанов өзү мойнуна алып отурат:

- Аткаминер катары өкмөттүн токтомун аткарып атам. Бирок башта койгон максатыбызга жете алган жокпуз деп айта алам.

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин өкүлү, депутат Жанкороз Каниметов жаштарды мугалимдик кесипке тартуу үчүн мамлекет тарабынан студенттик кредиттерди сунуштоо идеясын көтөрөт.

- Педагогикалык кадрларга мамлекеттик камкордук керек. 2003-жылы эле студенттерге социалдык кредиттерди киргизүү боюнча сунуш көтөргөнбүз. Эгер студент кредитти алган соң жакшы окуп берсе, кредитти мамлекет же аны кийин кабыл алчу мектеп, мекемелер төлөп бермек. Мугалимдик кесипти тандайм дегендерге өзгөчө жеңилдиктер киргизилиши керек.

Мугалимдердин жетишсиздиги менен катар алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу дагы көйгөй туудурган маселеге айланып баратат. Анткени элет жеринде эле эмес, борбордук мектептерде да жаш кадрлардын билимин андан ары өркүндөтүү керектүү деңгээлде колго алынган эмес. Мунун өзү келечек муундун билим деңгээлине түздөн-түз таасир этет.

Мисалы, ушул жылдын башында ПИСА (Programme for International Student Assessment) программасы аркылуу дүйнөнүн 57 өлкөсүндө 15 жашка чейинки балдардын билим деңгээли текшерүүгө алынган. Бул эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгында кыргыз балдардын көрсөткүчтөрү эң начар чыгып, балдардын билим деңгээли боюнча тизмеде Кыргызстан эң акыркы орунду алган эле.
XS
SM
MD
LG