Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Айгүл Жунушалиева, Төрөкул Дооров, Бишкек Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшүн иликтеген жаңы илимий изилдөө аяктады. Анын толук жыйынтыктары жакын арада жарыяланмакчы. Изилдөөнүн авторлору АКШдагы Филадельфия университетинин социология илимдеринин доктору, профессор Расс Л.Кляйнбах жана Кыргызстандагы гендер маселелери боюнча изилдөөчү Газбүбү Бабаярова биргелешкен илимий иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары жөнүндө “Азаттыкка” сөз куруп беришти.

“Азаттык”: -Урматтуу профессор, сиз Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшүн 1999-жылдан бери изилдеп жүрөсүз. Изилдөөнү өткөрүүгө эмне түрткү болду?

Расс Л.Кляйнбах: - Изилдөөлөрдүн алгачкысын чын эле 1999-жылы өткөрдүм. Кийинки изилдөө 2001-жылы кайра эле Кыргызстанда болду. Андан кийин 2004-жылы жана акыркысы быйыл жакында өттү. Биз, мындан сырткары, былтыр да кыз ала качуу өзү Советтер союзуна чейин кандай болгону тууралуу тарыхый изилдөө да жүргүзгөн элек. Мени кызыктырганы - бул көрүнүштүн этникалык жана гендердик өңүтү. Мен кайсыл жакка барбайын, кыргыз аялдары алар үчүн бул өтө маанилүү изилдөө экенин айтышууда.

“Азаттык”: - Быйылкы изилдөөнү сиздер бир нече күн мурда эле аяктадыңыздар. Анын жыйынтыгы кыз ала качуу маселеси боюнча бизге кандайдыр бир жаңы маалымат берет го деп турабыз. Мисалы, кайсыл региондо кыздарды көп ала качышат?



Газбүбү Бабаярова: -Биздин акыркы көрсөткүчтөргө караганда, кызды анын макулдугусуз ала качуу фактысынын эң көп катталган жери Талас облусу болду. Ал жерде суралгандардын 86% - өз каалоосуна каршы ала качылган кыздар экен. Ал эми кыздарды өз эркине каршы ала качуу формасынын эң аз көрсөткүчү Ысык-Көл облусуна (38%) тиешелүү экенин билдик. Жалпы республика боюнча ал 51% түзөт. Өзүнүн макулдугу менен ала качылган кыздардын саны 17% тегерегинде болуп чыкты.

Расс Л.Кляйнбах: - Бул – эки жылга эсептелген изилдөө долбоору. Биз өлкөнүн баардык облустарындагы айылдарга чыктык. Жалпысынан 10 айылды кыдырдык. Ал жерлерде акыркы жылдары үйлөнгөн жаштарга жолугуп, ал үй-бүлөлөрдө аялдар кантип турмушка чыкканын сурадык. Мисалы, уурдалган кыздарга: “Сизди уурдап кеткен жигитке кийин өз каалооңуз менен турмушка чыктыңызбы же сиздин каалооңузга каршы зордоп бериштиби?”, - деген суроо менен кайрылдык. Андан сырткары, биз өзүбүздүн семинарларды өткөрүп, китепчелерибизди таркатып бердик. Эми келерки жылы да ошол эле айылдарга барабыз да, ал аймакта ала качылган кыздар кандай формада турмушка чыкканын сурайбыз. Эгерде өз эркине каршы турмушка чыккандардын саны азайган болсо, демек, биздин агартуучулук аракетибиз пайдасын берген болот.

“Азаттык”: -Урматтуу профессор, сиз дээрлик 10 жылдан бери кыз ала качууну иликтеп келдиңиз. Алгачкы изилдөөлөрүңүз менен бүгүнкү көрсөткүчтөрдү салыштыра келгенде, кандай тенденцияларды байкаса болот? Кыз ала качуунун азыр кыргыз жаштарынын турмушундагы оорду кандай? Ал кабыл алынбай баратабы же, тетирисинче, адатка айланып калдыбы?

Расс Л.Кляйнбах: - 1999-жылдагы кырдаал менен азыркы абалды салыштырсак (алгачкы изилдөөнү биз Ош мамлекеттик университетиндеги студенттер менен баштаган элек), азыр адамдар кыз ала качуу тууралуу ачык эле сүйлөп, талкуулап калышты. 90-жылдардын аягында биз сураган адамдар кыз ала качуу тууралуу билишкени менен, бул тууралуу ачык сүйлөшкүсү келчү эмес. Менимче, азыр кыргыз жаштарынын ичинде өз элинин тарыхын билгендер муну “кылмыш” деп билишет. Азыр элет жерлеринде адамдар билим берүүгө да өтө жогору маани берип калышты. Ошол эле учурда, көп адамдар кыз ала качууну кылмыш катары таанышса да, аны кыргыз элинин салтынын бир бөлүгү деп билишет. Биз быйылкы изилдөөбүздү жакында эле, бир нече күн мурда эле жыйынтыктадык. Анда айтылгандай, кыздарды ала качуу Ысыккөл облусунда эң аз кездешет делгени менен, ал жерде да өзүнүн эркине каршы ала качылгандардын саны дээрлик 40%га жетип жатат. Менин изилдөөмдүн максаты – коомдогу бул көрүнүштүн даана көрсөткүчү тууралуу тагыраак жана ачык маалымат берүү. Аны кыргыз эли кантип колдонсо да, өз эрки.
XS
SM
MD
LG