Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Амирбек Усманов, Прага 1896-жылы доорубуздагы биринчи Олимпиада оюндары өткөндөн бери өтө эле саясатташып кетти. Бул сөз Бээжинде ачылганы жаткан жайкы Олимпиада Оюндарына тийиштүү. Кытай өкмөтү Олимпиада алдында элдин үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүп, бийликти сындаган диссиденттерди аeсуз басты. Оюндардын ырасмий ачылышында өзүн элге айкөл жана камкор, конокторго меймандостук көрсөтүү үчүн катаал мыйзамдарына анча-мынча өзгөрүүлөрдү киргизди. Анткен менен Олимиаданын көмүскөдөгү терс жактары бул ирет да кайталанууда экендигин Техас университетинин профессору Жон Хуберман «Азаттык» үналгысына берген маегинде айтты. Жон Хуберман «Олимпиада кризиси: cпорт, саясат жана адеп-ахлак» деген китептин автору.

"Азаттык": -Профессор Хуберман, кайсы Олимпиадалык оюндарды ашыкча саясатташкан деп атайт элеңиз?

Жон Хуберман: -Акыркы 75 жылда авторитардык режимдерге беш ирет Олимпиада өткөрүү укугу берилди. Анын даңазалуу үлгүсү 1936-жылкы Берлиндеги Олимипадалык оюндар. 1968-жылкы Мехикодогу олимпиада алдында Мексика армиясы тынч демонстрацияны кызыл кыргынга айлантып баскан. Анын себеби оюндарга байланыштуу болушу ыктымал.

1980-жылкы Москвадагы жайкы олимпиада оюндары да калпыс жагдайда өттү, диктаторчул режим борбор шаардын коопсуздугун эсепсиз полицияга таянып камсыздады. Эл аралык олимпиада комитети Бээжинди тандап, кайрадан авторитардык өкмөт менен иштешкени карама-каршылыктуу суроолорду жаратат.

"Азаттык": -Саясый жүйөөлөрдөн улам 1980- жылкы Москвадагы жана 1984-жылкы Сеулдагы оюндарга айрым өлкөлөр катышпады. Алсак, АКШнын 1980-жылкы жайкы Олимпиадага катышпай коюусу - мамлекет башчылар спортсмендерди чакмак таштай пайдаланып жаткан жокпу деген кызыл талкууну жараткан. Ошол бойкоттун натыйжасы кандай болду?

"Азаттык": -1980-жылы Кошмо Штаттардын президенти Жимми Картер Москвадагы жайкы Олипиада оюндарына бойкот жарыялады. Буга советтик аскерлердин 1979-жылы Ооганстанга басып кирүүсү негиз болгон. АКШнын чечимин башка ондогон өлкөлөр колдоду. Бул Москва Олимпиадасына катуу таасир тийгизди. Анын кесепетинен Советтер Союзу жана ага союздаш коммунисттик өлкөлөр 1984-жылкы Лос Анжелестеги Олимпиадага бойкот жарыялап, катышкан жок.

"Азаттык": -Олимпиада оюндары спортсмендердин эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо гана эмес улуттук өкмөттөр жана топтордун дүйнөгө кайрылуусуна мүмкүндүк түзүүдө. Олимпиада өткөн өлкөлөр айрым учурда Олимпиаданын тынчтык жана глобалдык биримдик деген девизин өз саясатын бекемдөө үчүн пайдаланып жүрүшөт. Ушундан келип, «Олимпиада оюндары чындап эле саясаттан тыш боло алабы?» деген суроо туулат.

Жон Хуберман: -Жок. Эч качан Олимпиада оюндары саясаттан сыртта болгон жок. Бээжинди алсак, өкмөт Кытай Элдик Республикасы эл аралык мелдештерде жеңсин деген максат менен 400 миң баланы жана өсүпүрүмдү адистештирилген спорттук мектептерде машыктырууда. Эл аралык олимпида комитети да ар убак авторитардык бийликтер менен кызматташып, алар бийик деңгээлде өз кубатын шарданалоосуна, өлкөнү былк эткирбей көзөмөлдөөсүнө, Олимпиадада жеңчү робот-атлеттерди өстүрүүсүнө шарт түзүүдө.

"Азаттык": -Бир нече жыл илгери 2008- жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун Кытай жеңип алганда, өлкө дүйнөнүн таң калтырууга мүмкүндүк алды деген пикир айтылган. Бирок Кытай олимпиадага жамынып, демократияга чакырган активисттерди эмгек лагерлерине жөнөтүп, жаңы стадион куруу үчүн там-жайларды талкалаганына дүйнө күбө болду.

Адам укугун коргоочулар кытай бийликтеринин диссидентерге катаал мамиле жасап, Тибетте элди күч менен басып жатканын ашкерелөөгө жакшы ыңгай келип турат. Олимпиада аталган көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура алабы?

Жон Хуберман: -Азыркы Олимпиада оюндарынын алдында өткөн анти-кытайлык демонстрацияларды Кытай өкмөтү күтпөгөндүктөн, андан дүрбөлөңгө түштү. Азыр кытай коому бийлик коопсуздук чараларын күчөтө баштагандан кийин мурдакыга караганда алда канча эркин эмес экенин тастыктаган жураналисттин кабарын окудум.

Оюндар Кытайдагы эркиндикке болочокто кандай таасир этти, чет элдик медиага берилген эркиндиктин баасын же оюндардан соң аларга берилген эркиндик кыскартылабы, кытай жетекчилиги коомду тышкы дүйнөгө кенен ачабы, анын баарын мезгил көрсөтөт.

"Азаттык": 1988-жылкы Сеулдагы Олимпиада оюндары авторитардык бийлик тушунда өттү. Ошентсе да, Олимпиада аскерий диктатуранын кулашын жана демократиялык өзгөрүүлөрдү тездетти. Эл аралык олимпиада комитети да Кытайда ошондой өзгөрүүлөр болот деп ишенеби?

Жон Хуберман: Ырас, 1988-жылкы Сеулдагы Олимпиада оюндары аскерий диктатурадан бүгүнкү Түштүк Кореядагы демократияга өтүүгө жардамдашкан чыгар. 1991-жылы Эл аралык олимпиада комитети режимге ишеним артканда, Түштүк Корея өкмөтүнүн элдик демонстрацияда жүздөгөн адамдардын канын төгүп басканына аз гана убакыт болгон.

Эл аралык олимпиада комитети Сеулду тандаганы мага түшүнүксүз. Бирок 1980-жылдардын экинчи жарымындагы өзгөрүүлөр Түштүк Кореядагы либерализацияга жол ачкандыгын эстен чыгарбоо керек. Ошентип, натыйжада Олимпиада оюндары пайдалуу максатты жүзөгө ашырууга өбөлгө болду.

"Азаттык": -Эл аралык олимпиада комитети 2014-жылкы кышкы оюндарды өткөрүүнү Орусияга ыйгарды. Өлкөнүн демократия жаатындагы ийгилиги белгисиз. Орусия Кытайдын ысмына айтылган сындардан тийиштүү тыянак чыгарат деп ойлойсузбу? Эл аралык комитет 2014-жылга чейин Орусия түз же кыйыр түрдө айтып, демократиялык реформаны тездетүүнү жана адам укугун жакшыртууну талап кылабы?

Жон Хуберман: -Андай үмүт менде да бар. Анткени менен, Эл аралык олимпиада комитети кайрадан өтө татаал жагдайга кабылды. Комитет 2014-жылкы кышкы оюндарды өткөрүү үчүн Орусияны тандаганы мени аябай таң калтырды. Ачыгын айтсак, Владимир Путин акыркы жылдары демократияны муунтуп, Кытайдагыдай элдин кеңири катмарына жаккан капиталисттик экономиканы орнотуп, ошол эле мезгилде саясый жана жарандык эркиндикти чектеп жатты.

Кызыгы, Эл аралык олимпиада комитети кыска аралыктын ичинде эки режим менен кызматташууну оң тапты. Мунун баары алар өздөрүн дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө оң таасир этчү «глобалдык дипломат» деп эсептегенден улам мүмкүн болууда. Буга комитеттин жакында Бээжинде жасаган кайрылуусу да далил. Бар балээ - Эл аралык комитеттин оюндарды көзөмөлдөй албай калганында болууда. Иш жакшы жүрүп кетсе, бардык мактоолор Эл аралык олимпиада комитетине айтылат. Эгер иш жаман жүрсө, комитет өзүнүн саясый уюм эмес, кадимки тынчтык кыймылы экенин айтып актанат.
XS
SM
MD
LG