Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

И. ӨМҮРКУЛОВ: КАМПАДА 100 МИҢ ТОННА БУУДАЙ БОЛБОСО КОРКУНУЧ БОЛУШУ МҮМКҮН


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек 6-августа президент К. Бакиев “Азык-түлүк коопсуздугу” жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Дүйнө жүзүн кооптондондурган азык-түлүк каатчылыгынын Кыргызстанга таасири күчтүү болушу айкын деген сыяктуу сөздөр коомчулукта көп айтылууда. Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын өкүлү Иса Өмүркулов Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы иштер тууралуу ойлору менен “Азаттыктын” таңкы обосунда маек курган.

“Азаттык”: - Өзүңүз билесиз азык-түлүк коопсуздугу деген маселе бүгүн өтө актуалдуу болуп турат. Жай учуру болгондуктан сиз деле шайлоочуларыңыз менен жолугуп кайтсаңыз керек. Элдин акыбалы кандай экен, ушул кымбатчылыкка туруштук бере алчудайбы?

И. Өмүркулов: - Албетте, абал өтө оорлоп баратканы сезилип турат. Жайы менен Кыргызстандын бир топ булуң бурчтарындагы биздин шайлоочулар менен жолугуп келгенде өзүм көрдүм. Өзүңүздөргө белгилүү тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам кабыл алынган.

“Азаттык”: - Эки күн мурда президент кол койду го?

И. Өмүркулов: - Бул бир жагынан мыйзам кабыл алынды. Экинчи жагынан өкмөт тараптан кандай чаралар көрүлүп жатат? Бирок тилекке каршы, өкмөт тараптан бүгүн эч кыймыл жок. Мына бир аз убакыт мурун өкмөттүн чечими менен 17 сомдон жалпы элден буудай сатып алабыз деген токтом чыккан. Тилекке каршы, бүгүн бир дагы килограмм буудай сатылып алынган жок. Эгерде тамак-аштын эң бир өзөгүн түзгөн ун, күрүч сыяктуу тамактар резервде болбосо кандай коопсуздук болот. Ушул өзү коопсуздукту туудуруп жатат. Ал эми андан тышкары, кечээ күнү жаны маалымат угуп калдым, 300 миллион сомго буудай сатып албайбыз, эми ал акчага элита, суперэлита деген үрөөн кийинки жазда сатып алабыз деген. Андан тышкары өкмөт күйүүчү майга жарым акчаны жумшайбыз деген чечим чыгарды. Мени ойлонткону, бүгүн ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Эгерде биздин кампада минималдык запас болбосо кандай болот? Бул чоң коркунучту туудурат. Билесиздер быйыл казактар дагы нандын баасын кымбаттатып атат. Кургакчылыкка байланыштуу Казакстанданда да быйыл жакшы дан болбой калды.

“Азаттык”: - Бул бир жагынан. Экинчи жагынан өкмөт тарабынан мындай демилге көтөрүлүп жатпайбы, маселен, өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланышыбыз керек деген. Ал азык-түлүк корпорацияларын түзүү. Бул корпорацияларын түзүү демилгесине сиз кандай карап атасыз?

И. Өмүркулов: - Бул эч бир тыянак алып келбейт. Себеби бүгүнкү күндө өзүңүздөргө белгилүү Чүй облусу боюнча орточо 10-13 центнердин айланасындагы буудай жыйналды. Бул эң жакшы дегенде. Кургакчылыкка байланыштуу, андан тышкары жазында мамлекет да жардам бербей, күйүүчү май, үрөн бербей көп дыйкандар эгин эге албай да калган. Бирок азыр айыл чарба министрлиги ар бир айыл өкмөтүн күчкө салып, 20-24 центнерден түшүм алдык деген көрсөтмөнү бересиңер деп кыйнап атат. Мунун кимге кереги бар? Элде запас жок. Өзгөчө кырдаал болуп кете турган болсо кандайдыр бир минималдык түрдө запасты жыйнап койбосо, мен оюмча кыйын эле болуп калат го.

“Азаттык”: - Иса мырза, сиздерде кандай сунуш бар? Ошол азык түлүк коопсуздугун камсыздоонун кандай реалдуу жолдорун көрүп атасыздар?

И. Өмүркулов: - Бүгүнкү күндө менин оюмда минималдык запасты сөзсүз түрдө жыйнап коюш керек. Базар баасында буулай 18 сомдой өйдө болуп атат. Ошого карабастан бүгүн минималдык запасты 100 миң тонна алып койбосок бизге коркунуч болушу мүмкүн, бир үзгүлтүк болуп калышы мүмкүн. Мисалы ишкерлер чет өлкөдөн алып келүүдө үзгүлтүк болушу мүмкүн он, жыйырма күнгө, бир айга. Бизде запас болбосо кыйын болуп калат.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG