Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:28

Бүгүнкү күндү Кыргызстанда “тойлордун күнү” деп атаса да болмок. 2008-жылдын сегизинчи айынын сегизинчи күнүндө үйлөнгөндөрдүн никесин мыйзамдаштырган Бакыт үйлөрүндө кезекке турган жаштар көбөйдү. Бишкектин көчөлөрүндө жасалгаланган машинелердин катарлары толуп, кафе-ресторандарда тойлор өтүп жаткан кези. Кытай календарына ылайык, дал ушул күнү үйлөнгөндөр бактылуу өмүр сүрүшөт экен. Ырымга ишенип, былтыр да 2007-жылдын жетинчи айынын жетинчи күнүндө үйлөнгөндөр көп болгон эле.

Бишкектин чак борбору – Совет көчөсү менен Чүй проспектиси кесилишкен жер. Бул көчөлөр бүгүн Бакыт үйүнөн чыгып, же ага бараткан машинелерге толуп кеткенсиди. Анткени сегизинчи жылдын сегизинчи айынын сегизинчи күнүнөн үй бүлө куруп жаткан жаштар көптү үмүттөнүшөт экен. Жаш жубайлар Жаныбек менен Наргиза да азыр эле каттоодон өтүп, эми шаарды сейилдеп жүрүшкөн экен.



Жаныбек: - Былтыр 2007-жылдын жетинчи айынын жетисинде мен, кыргыздын салты боюнча, келинчегиме сөйкө салып, ошондо биз тойду келерки жылдын 08.08.08 күнүндө өткөрөбүз деп макулдашканбыз. Бир чети цифралар катары менен келип, анын үстүнө кытайлардын календары боюнча да бул күн “бактылуу” деп эсептелинет экен. Бүгүн Кытайда Олимпиада да ачылып жатат.

Наргиза: - Чынында, адам өзү бактылуу болууну кааласа, үйлөнүү тойду качан өткөрөөрү деле маанилүү эмес. Бирок биздин дал ушул күндү тандашыбызга цифралардын гана кооз көрүнүшү жакты, анын үстүнө кытай календары деле жакшы нерселерден үмүттөндүрөт экен. Бирок биз ансыз деле бактылуу өмүр сүрөбүз деп ишенебиз.

Ушинтип, жаш жубайларды куттуктап, андан ары Бишкектеги борбордук Бакыт үйүнө барсам, анын айланасы жасалгаланган түрдүү машинелерге толуп кетиптир. Буга чейинки жылдары ЗАГСка “Лимузин” менен чыккан кыргызстандык жаштар арасында мода болуп келген эле. Эми анысы калып, Лондондогудай эки кабаттуу кызыл автобустар да чыга баштаптыр.



Иши кылып, машинелерге суктанып, андан ары Бакыт үйүнө кирейин деп, чынын айтсам, тез эле кирип кете албадым. Анткени ал жерде айлананы курчаган адам көп, жаш жубайлар кадимкидей кезекке туруп, биринин артынан экинчиси тынбай кирип-чыгып жатышкан экен.

Анан мен ал жерде толтура адамдар арасында баратып, өзүмдүн кесиптешим, “Азаттыктын” кабарчысы Айжан Шаботоеваны да жолуктуруп калдым. Ал жолдошу Иляс экөө да ушул күнү каттоодон өтүп жатышкан болчу.



“Азаттык”: - Айжан бактылуу болгула! Эмне үчүн ушул күндү тандап алдыңар?

Айжан: - Бул күндү кытайлар “аягы үзүлгүс сүйүү” менен байланыштырышат экен. Биз ошого таянып, бир канча жыл мурда эле ушул датаны күтүп жүргөнбүз. Ошол оюбуз бүгүн орундалып отурат.

Эгер сиз да бүгүн Бакыт үйүндө үйлөнүүгө келгендерди көрсөңүз, “Бүгүн өлкөдөгү бойго жеткен кыздардын баары эле турмушка чыгып жаткан окшойт”, - деп ойлоп калмаксыз. Менде, мисалы, ошондой эле ой калды. Бүгүн негизи канча адам үйлөндү? Борбордук Бакыт үйүнүн төрайымы Канышай Атакулованын айтымында, акыркы жылдардагы эң жогору көрсөткүч бүгүн катталды.

- Бүгүнкү күндү көпчүлүк жаштар жакшы сан, бактылуу күн деп эсептешет экен. Ошондуктан каалоочулар аябай көп болду. Канча адам бүгүн үйлөнүүнү каалаган болсо, алардын баарын кабыл алганга аракет кылдык.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG