Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

20:20 “Алиби” эркин гезитинин мүлкү камакка алынды


Гезиттин башкы редакторунун орун басары Рыскелди Момбеков Биринчи май райондук соттун аткаруучулары кечээ гезитке тиешелүү мүлктүн баарын бейшембиде камакка алышканын бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Соттун токтомуна ылайык, гезит президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин эсебине он күндүн ичинде бир миллион сомду өз ыктыяры менен которууга тийиш. Бишкек шаардык соту 18-июлда “Алиби” гезитине байланыштуу ишти карап, ордо шаардын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Р. Момбековдун билдиришинче, “Алибинин” мүлкү каммака алынып жатканда гезит жетекчилери иш сапар менен башка облустарда болушкан жана соттун чечими тууралуу аларга учурунда айтылган эмес. Рыскелди Момбеков гезитти сактап калуу үчүн эртеңден тарта жер-жерлерде марафон өткөрүүгө камданып жатышканын билдирди. Асылбек Салиев "Алиби" гезитин адам өмүрүн алган жол кырсыгына Салиевдин тиешеси бардыгы ыктымалдыгы жоромолдонгон макаланы жарыялагандыгы үчүн сотко берген. Укук коргоочулар эркин гезит тагдыры үчүн тынчсызданууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG