Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Түштүк Осетиядагы соңку салгылашууларда жүздөгөн киши өлгөнү маалымдалууда


Бул тууралуу Түштүк Осетиянын жикчил аймагынын башчысы Эдуард Кокойты Цхинвали шаарындагы соңку салгылашуулардан кийин айтты. Ал эми Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал Игорь Конашенковдун маалымдашынча, орусиялык ондон ашуун бейпилдик жоокерлери Цхинвалидеги салгылашуулар маалында набыт болуп, 30дай орус жоокери жаракат алды. Бул маалыматтарды көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого мүмүкн болгон жок. Ушул тапта Түштүк Осетияда 2500дөй орус бейпилдик жоокерлери бар.

XS
SM
MD
LG