Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Европалык Биримдик бүгүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди


Европалык Биримдиктин билдирүүсүнө ылайык, Биримдиктин 27 мүчөсү иран өкмөтүнө гранттык, каржылык жардам берүүдөн таптакыр баш тартууга тийиш. Биримдикке мүчө өлкөлөр ошондой эле Ирандан деңиз жана аба жолдору аркылуу келип кетип аткан жүктөрдү кылдат текшерип, өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу материалдар бар же жок экенин текшерип турмакчы. Иран экономикалык жардам жөнүндө эл аралык коомчулуктун сунушунан баш тартып, өзүнүн өзөктүк программасын токтотпой турганын билдиргенден кийин ЕБ жаңы чектөөлөрдү күчүнө киргизди.

XS
SM
MD
LG