Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 17:50

Ооганстандын Улуттук армиясынын саны эки эсеге көбөйөт


АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстандын улуттук армиясынын санын 50 миң адамдан 120 миңге көбөйтүү планын колдоого алып жатат. «Нью Йорк таймс» гезити жазганына караганда бул план беш жылда ишке ашып, 20 миллиард доллар акчаны талап кылат. Ошондуктан АКШ бул маселени каржылык жактан чечүү үчүн НАТОдогу өнөктөштөрүн салым кошкула деп чакырышы ыктымал. Армияны чыңдоо сунушу оболу Ооган өкмөтү тарабынан сунушталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG