Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

14:40 К.Бакиев Пекиндеги Олимп оюндарынын ачылыш аземинен кайтып келди


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Кечээ президент Курманбек Бакиев Пекиндеги XXIX Олимп жайкы оюндарынын ачылыш аземине катышкан эле. Бүгүн эртең менен ал КМШ өлкөлөрүнүн бир катар президенттери менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушту. Ху Цзиньтао жолугушуу учурунда бардык өлкө башчыларына Олим оюндарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирген. Бүгүн күндүн экинчи жарымында президент Курманбек Бакиев Бишкекке кайтып келди. Ал эми Олимп оюндарын чагылдыруу үчүн Бээжинде жүргөн кабарчыбыз Кабыл Макешовдун берген маалыматы боюнча, бүгүн Олимп айылында Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи болуп өттү. Ошондой эле кабарчыбыз бүгүн Кыргызстандык суучул Василий Даниловдун мелдешке катышуусу менен Кыргызстан Олимп оюндарында мөрөй талашуусун баштаганын маалымдады. (IJz)

XS
SM
MD
LG