Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Президент Курманбек Бакиев «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизген мыйзамга 6-августта кол койду. Узак тыныгуудан кийин кол коюлган бул мыйзамды жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар тынчсыздануу менен кабыл алышты.

«Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамын Жогорку Кеңеш 13-июнда кабыл алган болчу. Бул мыйзамга ылайык акцияга чыгууну каалагандар эми бийликтин уруксатын алгандан кийин чыга алышат. Уруксат албай чыккан шартта бийлик бул маселени cот аркылуу чечүүгө укуктуу.

Мындан тышкары мыйзам акцияга чыккандарга өз иш чараларын административдик жайлардан, анын ичинде президенттин, премьер министрдин резиденцияларына, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Соттор ээлеген имараттарга 30 метрге чейинки жакындыкта өткөрүүгө тыюу салды. Мыйзамды иштеп чыккан коммунист депутат Искак Масалиевдин ишендиргенине караганда, бул мыйзам бардык жарандардын укуктарын бирдей сактоо жана өлкөдө тартипти камсыздоо максатын көздөдү. Мындай пикирди мыйзамга кол коюлгандан кийин президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев да бөлүштү:

- Шаарда миллионго жакын эл жашайт. Митингге чыккандар көп болсо – 10-15 мин киши. Болбосо 3-4 миң киши эле миллионго жакын элдин тынчтыгын бузуп, шаардын күндөлүк турмушуна тоскоолдук кылуу мыйзамга сыйбаган нерсе. Ошондуктан, дал ошол иретке келтирилип, атайын мыйзам менен каралып, митинг пикеттер кандай учурда, кайсы жерде өтөт, тактап койгондун өзү дал ошол демократиялык принциптерге туура келет.

Бирок бул натура түшүнүк экендигин укук коргоочулар мыйзам долбоору иштеле баштаган күндөн тарта эле айтып, бул мыйзам адам укуктарын бузаарын белгилеп, ага жол бербөө боюнча түрдүү аракеттерди жасашты. Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алгандан кийин ЕККУ, Хьюмэн Райтс Уотч уюмдары баштаган эл аралык уюмдар, Кыргызстандын акыйкатчысы жана жергиликтүү укук коргоочулар бул мыйзамды кошумча иштөөгө парламентке кайра кайтарып берүүнү президенттен көп ирет суранышты.

Июль айынын башында Кыргызстанга келген учурунда бул маселени ЕККУ төрагасы Александр Стубб менен президент Курманбек Бакиев да талкуулагандыгы да коомчулукка маалымдалган. ЕККУнун Демократия жана адам укуктары Бюросу мыйзам долбоорун артка кетүү деп баалаган.

Бирок президент аталган сунуштарды колдогон жок. Болгону мындан аркы иште кайрылууларды эске алууну өкмөткө тапшырды. Президенттин мындай мамилесин “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова кескин сындады:

- Бул курсак ачып ыйлаган балага курук упчу берип соороткондой эле нерсе. Эгер президент аткаруу бийлиги тарабынан мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кааласа, ага кол койбой туруп, ушуну жасатмак. Биз өзүбүз жактан канча сунуштарды берип аттык. Алар угулбай эле калып атпадыбы. Ошондуктан, азыр мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзамды аткаруу бийлиги түздөн түз аткарат. Кол коюлган мыйзамга түзөтүү киргизгенге аткаруу бийлигине эч кандай уруксат берилген эмес. Андай алардын укугу жок. Бул деген парламент кабыл алат, президент кол коет. Ошол процедура аткарылды да. Мыйзамды бизге таңуулап берди. Демек аткаруу бийлиги ошол мыйзамды аткарат. Башкача айтканда, аткаруу бийлиги кааласа митинг-пикеттерге уруксат берет. Каалабаса аны сот аркылуу тыюу салып койгонго же милиция аркылуу кууп койгонго, пикет-митингдерди өткөрүү шарттарын өздөрү каалагандай өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзамды президент кол коюп, бизге берди.

Азиза Абдырасулова ошондой эле:
- Менин жеке оюмда өлкө ички проблемаларына, ички саясий чечимдерине ээ боло албай калган абал биздин Кыргызстанда болуп калды. Бир жагынан Кыргызстан ШКУ, ЖККУ уюмдарынын жана бизге коңшу Өзбекстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн таасиринде болуп калды, - деди “Азаттыкка” берген маегинде.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент жоопкерчиликтен качты дейт:

-Мыйзамга кол коюп, өзгөртүүнү кийин киргизебиз деген шылтоо. Кол кое электе өзгөртүү киргизсе болмок, өз сунуштары менен парламентке жиберсе парламент сентябрда кабыл алып бермек. Мен ойлойм, президент жоопкерчиликтен качып, өкмөтко, коомчулукка шылтап жатат.

ЕККУ болсо Кыргызстанда жарандардын эркин чогулушун кепилдей турган, демократия талаптарына төп мыйзам болбой калды деп өкүндү. Буга байланышкан билдирүүнү аталган уюм дароо мыйзам күчүнө кирери менен жасады.

Президенттин кадамын колдогондордун бири, саясат таануучу Жолборс Жоробеков мыйзамга каршы пикирлерге нааразы болду:

- Президент буга кол койсун же койбосун, антсин-минтсин деген нерселер аябай көбөйүп кетти. Алардын оюнда бул демократиянын белгиси болот экен. Эми демократиялык өлкөлөргө деле барып, көрүп, окуп жүрөбүз. Ошол эле биз пир туткан Англия болсун, Германия болсун, Америка болсун, аларда деле демократиядагы чектөөлөрү бар, коргоого муктаж да. Ошон үчүн менин оюмча президенттин мыйзамга кол коюшу туура болду.

Бийликке сынчыл көз караштагы жарандардын бир даары нааразылык акцияларын чектеген бул мыйзам кийинки саясий күрөштөрдө каршылаш тарапты баш көтөртпөш үчүн кабыл алынды дешүүдө. Мындай пикирлерди кубаттаган иши сотто каралып жаткан “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова болду:

- Бакиевдин бийлиги өзү 24-марттагы окуя-төңкөрүш аркылуу келген. Андыктан, бул бийликте бийлигимди тартып албасын деген коркунуч бар. Күздөн баштап, мисалы, саясий кырдаал курчуйт, эл ушинтип эле жата бербейт. Президенттик шайлоо жакындаган кезде оппозицияда жандануу болот сөзсүз. Кымбатчылык. Социалдык ахыбал терс таасир тийгизет дагы, эл өзү көтөрүлө башташы ыктымал. Анан мыйзамды алдын ала даярдап коюшту.

Чолпон Орозобекованын пикиринде 2005-жылдын 24-мартынан кийин келген бийлик нааразылык акцияларды бийликти басып алуунун бир формасы катары кабылдап алды.

24-марттан кийинки бийликке оппозицияга чыккан саясатчылар митингдерди коомдун дем-күчү жана ал аркылуу коомчулук өзүнүн мамлекетти башкаруу кудуретин көрсөтө алат дешет. Буга мисал катары адатта апрель, ноябрь митингдери келтирилип, конституциялык реформаны илгерилетүүгө, кылмыштык элементтердин бийликке аралашуусуна бөгөт коюуга тарыхый салым кошкондугун айтышат. Ошон үчүн оппозиция тынч митингдердин чектелишин каалабайт.

Саясатчылардан айырмаланып укук коргоочулар өз оюн ачык билдирүү ар бир жарандын жаратылыштан берилген ыйык укуктарынын бири деп эсептешет. Ага кошумча Кыргызстандын эл аралык уюмдарга берген убадасы, Баш мыйзамда жазылган жобо бузулуп жатат деген укук коргоочулар бул мыйзамды жараксыз деп жатышат. “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова бул президенттин одоно катасы дейт:

- Бакиев мырза авторитардык-тоталитардык коомдун туундусу. Ошондуктан плюралисттик коомду эч качан түзө албайт. Бул киши - эски команда. Ошон үчүн шайлоолор аркылуу кетиши керек. Кыргызстандын өнүгүү жараяндарына салым кошо албайт деген жыйынтыкка келдик. Жарандык эркиндиктер, тынч пикеттер боюнча биздин максат – ордуна койгонго аракет кылуу.

Аракеттердин жолдорун укук коргоочулар азырынча такташа элек. Ал эми парламенттик шайлоодон кийин “Мен ишенбейм” деген ат менен пайда болгон жаштар кыймылы болсо дегеле мындай мыйзамга баш ийбей тургандыгын билдирип жатышат. “Ата мекен” партиясынын жаш лидерлеринин бири Жоомарт Сапарбаев, маселен, мындай дейт:

- Биз өткөрө беребиз. Бул мыйзам бизге тоскоол болбошу керек, анткени, бул Конституцияга каршы келет, биздин укуктарыбызды бузуп атат. Ошондуктан, жаштар бул мыйзамга баш ийбейбиз. Укуктук мамлекетте мындай мыйзам болбошу керек. Бул саясий чечим болуп атат. Ошондуктан, биз буга каршы иштей беребиз.

Ал эми Азиза Абдырасулованын пикиринде, мыйзамды жок кылууга аргасыз болгон учурлар бар:

- Мындай жаман мыйзамдар тизгиндей алган эмес. Өзү адам укугун бузуунун үч шарты бар: биринчиси, жаман мыйзам болсо, экинчиси, жакшы мыйзам болуп, ал аткарылбаса, үчүнчүсү, жарандар өз укуктарын билбесе. Кыргызстанда ошол биринчи шарт – адам укуктарын мыйзам өзү буза турган шарт түзүлүп калды. Мен бул мыйзамга баш ийбегиле, деп чакырык кылбайм. Биз Кыргызстандын жараны болгондон кийин баш ийишибиз керек. Бирок кээ бир учурда баш ийбөө аркылуу да кээ бир мыйзамдарды жок кылууга аргасыз болгон учурлар болот.

Ошентип, президент күчүнө киргизген «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын айланасындагы талкуу дагы эле уланууда. Айрым байкоочулар Бишкек шаар кеңешинин митингдерди чектеген токтомунун ордуна келген бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери президенттик шайлоо өткөндөн кийин башталышы мүмкүн деп болжошууда. Адистер президенттик шайлоо 2010-жылы башталаарын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG