Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

ГРУЗИЯ: СААКАШВИЛИ ОРУСИЯНЫ КЕҢИРИ ӨЛЧӨМДӨ БАСКЫНЧЫЛЫК ЧАБУУЛГА ӨТТҮ ДЕП АЙЫПТАДЫ


Грузиянын жикчил аймагы – Түштүк Осетияда айыгышкан салгылашуу ишембиде да улантылды. Маалыматтарга караганда, жүздөгөн киши набыт болду жана он миңдеген карапайым кишилер согуш аймагынан качып чыгууда. Ишембиде орус аскерлерине таянган жикчил абхаз аскерлери да Кодори капчыгайынан грузин аскер күчтөрүн сүрүп чыгаруу үчүн чабуулга өттү. Грузин парламенти өлкөдө 15 күндүк чукул кырдаал жарыялады. Президент Михаил Саакашвили Орусия эгемен өлкөгө ар кыл тараптан баскынчылык кыла баштаганын айтты. Орусия болсо расмий Тбилисини “тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн мажбурлап жатканын” билдирүүдө. АКШ Кремлди өз аскерин тез арада Грузиядан чыгарып кетүүгө үндөдү. Эл аралык коомчулук өкүлдөрү жаңжалдашкан тараптарга согуш аракеттерин тез арада токтотуу чакырыгы менен кайрылууда.

Ишембиде (9-августта) Грузиянын парламенти өлкөгө 15 күндүк мөөнөткө чукул кырдаал киргизүүгө макулдук берди. Саал мурдараак Грузиянын президенти Михаил Саакашвили (Mikheil Saakashvili) бул тууралуу парламенттен макулдук сураган.

Президент Михаил Саакашвили “эгемен грузин мамлекетине басып кирген” расмий Маскөөнү Тбилисиге каршы душмандык аракеттерин дароо токтотууга чакыруу өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылды.

Саакашвилинин айтымында, орусиялык аскерлер Түштүк Осетияда грузиндерге карата «улуттук тазалоо» иш-чарасын жүргүзүүдө.

Орус учактары жана башка куралдуу күчтөрү Түштүк Осетиядан алда канча узакта турган жайларга да чабуул жасоодо, деди Саакашвили:

- Бир нече саат мурдараак Орусиянын Карадеңиз аскер флоту жергебизге кирип, эгемен Грузиянын аймагы – Абхазияны басып ала баштады. Үч саат мурда орусиялык аскерлер жана орусиянын оор куралданган бөлүктөрү Жогорку Абхазияны – Кодори капчыгайын чабуулга ала баштады.

Анын сөзүн тастыктагандай, жикчил Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба мырза абхаз аскерлери Кодори капчыгайынан грузин аскерлерин сүрүп чыгуу үчүн ишембиде согуш аракеттерине өткөнүн билдирди.

Расмий Кремл болсо өздөрүнүн эгемен Грузиянын аймагына аскер киргизишин актап чыкты.

Президент Дмитрий Медведев ишембиде Маскөөдө орусиялык өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу маалында бул окуялар тууралуу мындай деп айтты:

- Биздин бейпилдик сактоо күчтөрүбүз жана аларга бекитилген аскер бөлүктөрүбүз ушул тапта Грузияны тынчтыкты кабыл алуу үчүн мажбурлоо максатында аскердик өнөктүк жүргүзүп жатат. Алар, ошондой эле, жергиликтүү калайыкты коргоо милдетин да аткарууда.

Медведевдин оюнча, орусия тарап гуманитардык алааматтын кесепетин жоюу багытында гана иш алып барууда.

Эл аралык коомчулук аймактагы кырдаалга өзгөчө тынчсызданганын билдирүүдө.

Бээжинде сапарда жүргөн АКШ президенти Жорж Буш (George W. Bush) ишембиде Грузиядагы кырдаал тууралуу сүйлөп, бул жаңжал жалпы эле Кавказ аймагынын тынчтыгы үчүн коркунуч түзүп жатканын белгиледи.

АКШ мамлекет башчысы Орусиянын жетекчилигине да кайрылып, эгемен Грузиянын аймактык кол тийбестиги сакталышы керектигин эскертти:

- Грузия – эгемен мамлекет. Анын аймактык кол тийбестиги кадырланууга тийиш. Биз зомбулук аракеттерди дароо токтотууга жана бардык аскерлерди артка чегинүүгө чакырдык. Биз орусиялык бомбалоолорду токтотууга жана тараптарды 6-августтагы статус кво деңгээлине кайтып келүүгө чакырабыз.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши да кырдаалды чукул жыйынында талкууга алды. Жума күнү Коопсуздук кеңеши тийешелүү чечим кабыл ала алган жок, бирок анын жыйыны ишембиде да улантылаары белгиленген.

Польша ишембиде Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрүнө кайрылып, Орусия-Грузия жаңжалын Евробиримдиктин чукул жыйынында талкуулоого чакырды.

Биримдиктин ушул таптагы президенттигин аркалаган өлкө - Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер (Bernard Kouchner) жакын арада мындай жыйын өткөрүлөөрүнө убада берди.

Согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан миңдеген карапайым тургундар башка жактарга качып чыгып жатканы кабардалууда.

Сүрөттө: Орусиялык бомбалоого кабылган грузин шаары Гориден бир көрүнүш. "Азаттыктын" Грузин кызматынын кабарчысы тарткан. 9-август 2008-жыл.

XS
SM
MD
LG