Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

10:30 Автокырсыктан адам өлүмү азайбай атат


ИИМ маалымат кызматынан кабарлашкандай 7-август күнү Ош облусунун Өзгөн-Саламалик жолунда 51 жаштагы К. Тажибаев айдап бараткан автомашина аңтарылып, натыйжада айдоочу ошол замат каза тапкан. Анын жанындагы жүргүнчү аял ооруканага жеткирилген. 8-август күнү Бишкек-Торугарт кан жолунун 112-чакырымында (Кемин району) 20 жаштагы К. Асылбекова айдап бара жаткан Тойота-Королла автомашинасы аңтарылып, айдоочу кыз ошол жерде жан берген. Анын жанындагы жүргүнчү кыз ооруканага жеткирилген. Бул автокырсыктардын себеби иликтенүүдө, деп билдирет ИИМ.
Айрым байкоочулардын пикири боюнча Кыргызстан жол кырсыктарынын көптүгү жагынан Борбордук Азия аймагында 1-орунда турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG