Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

10:50 Борбор калаага муниципалдык базар курулат


Айыл-чарба продукцияларын жана азык-түлүк сатылуучу муниципалдык базар Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишине курулуусу болжолдонууда. Базардын курула турган так ордун аныктоо Бишкек шаар жетекчилиги тарабынан 12-август күнү жүргүзүлөт. Мындан тышкары Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин Фучик паркы аркылуу муниципалдык жол курулмакчы. Ленин райондук администрациясына жолго тиешелүү аймактардагы курулуштарды сүрүү, бактарды кыюу тапшырылды. Аталган жол Чүй проспектисинин уландысы болгон Дэн Сяопин кең көчөсүндөгү унаа кыймылын жеңилдетүүгө да көмөк болмокчу, деп кабарлайт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG