Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

11:50 Өмүрбек Текебаев: Президент жоопкерчиликтен качып атат


Мындай пикирин саясатчы “Жарандардын тынч пикет, митингдерди өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамга байланыштуу “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Мамлекет башчы “Жарандардын тынч чогулуу укугу” тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоо жөнүндө эчендеген кайрылуулар коомчулуктан түшүп атса да, ага көңүл бурбай, кол коюп, ал эми мындай кайрылууларга көңүл бөлүүнү өкмөткө тапшыруусу – жоопкерчиликтен качуу, деген пикирин айтты “Ата Мекен” партиясынын лидери. “Эгер мыйзамды кийин өзгөртүү ою болсо, кол коюла электе өзүнүн сунуштары менен парламентке жиберсе болмок, парламент күзүндө карап бермек,” дейт Өмүрбек Текебаев.
“Жарандардын тынч пикет, митингдерди өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамга президент Курманбек Бакиев 6-августта кол койгон. Аталган мыйзам долбоору Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев тарабынан жазылып, парламент аны жактырган. Ал эми укук коргоочулар менен саясатчылар бул мыйзам адам укугун чектеген, демократиянын талаптарын бузган мыйзам, деген пикирлерин айтып келе жатышат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG