Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Замира Кожобаева, Бишкек; Рита Нурманбет кызы, Ысык-Көл Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын, жеке менчик мейманканалардын ээлери быйылкы жай өткөн жылдарга караганда “мелүүн” болуп жаткандыгын айтышат. Ал эми көл жээгине келип эс алуучулар мейманкана, тамак-аш жана башка кызмат көрсөтүү акылары өтө эле кымбат экендиги көңүл тойгузбайт. “Азаттыктын” ар жекшемби сайын чыгуучу “Адам жана базар” экономикалык берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы туризмдин ордосу Ысык-Көлдөгү эс алуунун күңгөй-тескейин чагылдырат.

Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды тейлөөдөн облустун жана жергиликтүү элдин капчыгына гана эмес, мамлекеттик бюджетке да белгилүү бир өлчөмдө киреше түшөөрү өткөн жылдардагы бул аймактагы туризмден түшкөн пайдадан улам белгилүү. Алсак, 2006-жылы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн 1 миллиондон ашуун турист келип, андан түшкөн киреше Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 4 пайызын түзгөн.

2007-жылы туризмден мамлекеттик бюджетке түшкөн киреше 239 миллион сомго жеткен. Туризмди өлкө үчүн кирешелүү тармактардын бири катары эсептеген кыргыз бийлиги акыркы үч-төрт жылдан бери бул жаатты өнүктүрүү үчүн көп каражатын жумшап, аракетин жасады. Ысык-Көлгө туристтерди тартуу жана аларга жетиштүү деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн эс алуу үйлөрүнө талаптар катуулады. Тилекке каршы, акыркы эки жылда көл жээгине эс алууну каалоочулардын саны мурдагы жылдарга караганда аз. Буга өткөн жылдын июль-август айларындагы аба-ырайынын мелүүн болгону себеп болгон. Быйылкы жылы дагы эмнегедир көгүлтүр көлдө эс алуусун өткөргөндөр былтыркыдан да аз экендиги айтылууда.

Байкоочулардын баамында быйыл көл жээгинде эс алгандардын көпчүлүгү кыргызстандыктар. Жайкы ысыктан жадагандар, өзгөчө борбор калаа Бишкектин тургундарын жок дегенде эки-үч күнгө көл жээгине барып, сууга түшүп, серүүндөп келүүгө мажбур болушкандай. Ошол эле учурда коңшулаш Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан келген туристтердин саны башка жылдардагыдан кыйла аз болгондугу маалымдалууда. Ал эми Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын ээлери дагы муну тастыкташат.

Көл жээгиндеги эс алуучу жайлар биримдигинин президенти, “Акбермет” пансионатынын жетекчиси Акжолтой Насирдиновду кепке тартканыбызда, ал быйыл коңшулаш Казакстандан келген туристтердин агымы аз экендигин белгиледи. Анын пикири боюнча буга эң биринчиден Казакстандагы экономикалык кризис себеп болуп жаткансыйт.

Көл жээгиндеги пансионаттар быйылкы эс алуу сезонуна жакшы даярдык көрүшкөн. Бирок ошого жараша эс алуучулардын да талабы жогору болуп жатат:

-Жыл өткөн сайын элдин талабы уламдан-улам жогорулап жатат. Ошого ылайыктап көл жээгиндеги эс алуу жайлары материалдык базаларын чыңдап алышты. Жаңы пансионаттар курулду, эс алуучу жайлар салынды. Эс алуунун шарты баасына карап, жогору. Муну айтпаса деле түшүнүктүү да.

Ысык-Көл облустук администрациясынын туризмди өнүктүрүү боюнча иш алып барган адистери маалымдагандай, быйыл эс алуучулардын саны өткөн жылга караганда 5 пайызга аз. Айрымдар муну суунун мелүүндүгү менен байланыштырса, кээ бирлери кымбатчылыктан улам көрүп жатышат.

Үчурда көл аймагында жалпы 174 эс алуу жайы иштеп атат. Аларда күнүгө 23 миңдей киши эс ала алат. Менчик үйлөр болсо эс алуучуларга 12 миң орундук камсыз кылаары эсептелген. Ошол эле учурда көпчүлүк туристтер көл жээкке жакын пансионаттардын төлөм акыларынын быйыл өтө эле кымбаттап кеткенин айтышты.

Алматы шаарынан келген Койсайбасов Мураттын үй-бүлөсү күнүмдүк баасы 1200 сом болгон эс алуу үйүнүн шарты начардыгына нааразы экендигин “Азаттыктын” кабарчысына айтышты:

-Өтө жакшы эмес. Керебеттер менен телевизор гана бар экен, жадагалса идиштери да жок. Он алты жаштагы балабыз дискотекага барайын десе, кирүү акысы 600 сом экен. Бул бир топ эле кымбат.

Быйыл электр энергиясы жана азык-түлүктүн кымбатташы менен ири эс алуу жайлар, борборлор да төлөм акыларын жогорулатышты. Жеке сектордогулардын баасы арзан болгону менен шарты эс алуучулардын көңүлүнө толбойт. Жата турган керебет, тамак бышырганга казан-аягы бар мындай менчик үйлөр күнүнө 250 сомдон жогору. Ал эми бөлмөлөрдү заманбап шартка ылайыкташтырып, ысык суу өткөрүп койгон кожоюндар күнүнө 1000 сомдун тегерегиндеги бааны сурашат.



Быйылкы жылы сууда оюн-зоок курган атайын техникалардын да ижара акысы кымбаттаган. “Золотые пески” эс алуу үйүндө сууда сүзүүчү мотоциклдер, скутерлер арбын болгондуктан көпчүлүк ошол жакка барышат. Бул жээкте скутерин ижарага берген баланы кепке тарттык:

-Тез ылдамдыкта жүргөн 2 кишилик бул скутер 5 минутасына 500 сомго берилет. Былтыркыдан 100-150 сомго кымбаттаттык. Кардарлар, каалоочулар көп эле.

Сууда мотоцикл тебүү ырахаты өткөн жылы 5 минутасына 350-400 сом болчу. Чоң кайыктар болсо быйыл минутасына 50 -100 сомго кымбаттаганын Чолпон-Ата шаарындагы “Яхт клубдун” жетекчиси Сергей Ильчишин ырастайт.

Көпчүлүк эс алуучулар быйыл жеке секторго ык коюп атат, анткени алардын тамак ашы үйдүкүндөй берекелүүрөөк дегендер да бир топ. Көлгө эс алууга келгендердин дээрлиги быйыл жаратылышка ыктап, боз үйгө, көл жээгине, дегеле ачык асмандан алдында тамактанганы көп кездештирүүгө болот. Муну талдоочулар кафе-ресторандардагы баалардын кымбаттыгы менен да байланыштырууда. Канткен менен көлдүн эли жылдын калган үч мезгилинде жайды күтүп, эс алуучулардын эсебинен үй-бүлөлүк капиталын топтойт. Мындай мүмкүнчүлүктү ал тургай мектеп окуучулары да колдон чыгарбоого аракет үрөйт.

Бостери айылындагы Хасан Жээнбаев атындагы мектептин окуучусу Разбек Жапаров өткөн жылы күндөн калкалоочу чатырды ижарага берип, он миң сом тапкан. Анын айтуусунда быйыл чатырдын ижарасы 100 сомдон 50 сомго түштү.


(“Карвен төрт мезгилде” эс алуу жайы)

Быйылкы жылы Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардын көпчүлүгү эс алуу баасын орто эсеп менен 20-30 пайызга кымбаттатты. Арасында 50 пайызга чейин бааны көтөргөндөрү да бар. Маселен, кымбат эс алуу үйлөрүнүн бири “Карвен төрт мезгилде” пансионатында бир күндүк эс алуу ырахаты 120 АКШ долларынан 350 долларга чейин чыгат. Ал эми “Аврора”, “Радуга”, “Солнышко” деп аталган пансионаттарда күнүмдүк эс алуу орто эсеп менен 70-120 долларга айланат. Шарты жакшы деп эсептелген “Акун” пасионатынын эң арзан бөлмөсү суткасына 50 евро чукул. Байкоочулардын баамында, мындай эс алуу үйлөрүнө барып эс алган карапайым кыргызстандыктар өтө саналуу.
XS
SM
MD
LG