Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек “Кумтөр” алтын кен долбоору боюнча кыргыз өкмөтү канадалык ишкерлер кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы келишим түзүүгө кызыкдар. 2007-жылкы А. Атамбаевдин өкмөтү кол койгон келишимдерди мурунку-кийинки парламент жаратпай, эми алардын жаңысын даярдоого өкмөттүн атынан жумушчу топ түзүлүп, кезектеги сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. “Азаттыктын” жумалык “бетме-бет” талкуусунда мына ушул жаңы келишимге байланышкан маселелер жайында кеп болот. Ага Геология-минералогия илим доктору, профессор Кубат Осмонбетов, Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Орозбек Дүйшеев катышкан.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, сиз мурyнку келишимдердин түзүлүшүнө катышкансыз. Бирок ал мурунку-кийинки парламентке жакпай калды. Президент К.Бакиев жаңы келишимдер түзүү зарылдыгын айта баштады. Жакпай калыштын негизги себеби эмнеде?



О. Дүйшеев: - Булардын түзүп жаткан келишимдеринин негизи кандай экенинен кабарым жок. “Кумтөрдөн” биз күткөн пайда түшкөн жок. Келишим түзүүдө каталыктар кеткен, аны көзөмөлдөө иши унутта калтырылган. Ошонун айынан биз көп зыян тарттык. А. Атамбаев чечкиндүүлүк кылып өткөн жылы адистерди чакырып алып атайын эксперттик комиссия түзгөн. Ага бейөкмөт уюмдардан, ассоциациядан мен жана башкалар кошулушкан.

Ал кезде үч принцип бар эле. Өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу. Кенди улутташтыруу. Анан үчүнчүсү – кайрадан сүйлөшүүлөргө баруу. Биздин чечимибиз да ушундай болду, “кайра сүйлөшүүлөргө баралы” дедик. Кандай шарттарды коебуз дегенде, биринчи иретте 2003-жылдын декабрында биздин үлүшүбүз төмөн болуп калганын айттык. Аны башталышында 52% жеткиргенбиз. Биздин чоң жетишкендигибиз ошол болду. Анан кийин акциялардын, салык өлчөмдөрүнүн көбөйтүлүшүн, бизге эң жакшы пайда бере турган шартка жеткиргенбиз.

Сүйлөшүүлөр башталганда 33,9 миллион гана акциябыз болсо аны биз 66,2 миллионго жеткирдик. Акция өсүп кийинки убакта, мына февраль айында 15 долларга жеткен. Ачык биржада биздин 66,2 миллион акциябыз 1 миллиард долларга жеткен. Ошончо активибиз бар эле. Анан бүгүнкү күндөгү чыр-чатак, талаш-тартыштын айынан акциянын баасы 4,8 долларга түштү. Мурдагы акциябыз бар. Анын баасы 161 миллион гана доллар. Келишимдерди өткөрбөгөндүн айынан 800 миллион доллар жоготтук. Салыктан канча акча түшпөй калды. “Кумтөрдүн” азыркы иши анча жакшы эмес. Быйыл 19 тонна алтын бериши керек эле. Жарым жылда 6 тоннадан бираз ашкан алтын берди. Жыл аягына чейин ашып барса 12 – 13 тонна алтын бере алат. Белгиленген чекке 70% жетпей калат. Бул да чоң жоготуу.

“Азаттык”: - Кубат мырза, Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери эле алтын чатагынан башы чыкпай келатат. Башында алтын аркылуу аябай байып кетээрибиз, тоо-кен тармагы чоң байлыгыбыз экени көп айтылчу. Чын эле алтын бизде көппү? Эгер көп болсо андан Кыргызстан кандай пайда көрүүдө?



К. Осмонбетов: - 1975-жылга чейин Кыргызстанда алтын кени жок болчу. Биринчи кен “Макмал” болду, 1980-жылы “Жер үй” ачылды. Анан 1990-жылы “Кумтөр”, “Талды булак” бекитилген. 1978-жылы, айтса, “Терек кан” кени бекитилген. Кыскасы, алтын тууралуу айтсак, ал дайыма баасын түшүрбөгөн, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө таасир көрсөтчү темир. Мына “Кумтөрдөн” 200 тонна алтын казылып алынды. Андан аны ачкандардын бири - мен же башка геологдор же өлкө байып кеттиби? “Макмалдан” 40 тонна алтын казылып алынды. 240 тонна алтынды Грузияда, Арменияда, Украинада же Белорусcияда казып алалбайт. Биздин тез-тез которулган өкмөт башчыларынын баары эле “биз кедейбиз” деп айтышат го. Биз кедей эмеспиз. Биз табият байлыгын туура пайдалана албаган “чала молдо – дин бузарларданбыз”.

Орозбек Дүйшеевич бул жерде акциялардын баасы түшүп кетти деп жатпайбы. Мен ага макул эмесмин. Мына Дүйнөлүк банк бир айдан бери мунай менен азык-түлүк баасынын кымбаттап кетпеши үчүн базарга 400 тонна алтынды алып чыгып сатабыз деп талкуулап отурушат. Ошондо акциянын баары жанагы “тегеренмей” деген оюнчук бар го, ошондой тегеренип-тегеренип токтоп калат. Мына бул “Кумтөр” менен түзүлчү келишимдер, ошол эле А. Атамбаев же И. Чудинов болобу, мунун баары жашыруyн келип жатат. Мага окшогон адистерди чакырышпайт. Адистерди чакырып, кеңешип түзмөйүнчө андай келишимдерден жакшы ийгиликти күтпөй эле койгон оң. Дайым эле пайыз менен иштеп келе жатасыңар. “Концессия” деген “бошотуп берүү” деген сөз. 1993-жылкы келишимде “Кумтөрдүн” 67 пайыз кирешеси биздики, канадалыктардыкы 33 пайыз дечүбүз. 2004-жылы болсо биз 33 пайызга түшүп калдык. Бул оюн да.

Ошондуктан канадалыктар “Кумтөрдөн” кенди көбөйтүштүн ордуна жаңы кен ачуyга акчаны коротуп жатат. Аны тапкан жери жок. Мисалы, биз “Кумтөрдү” 35 миллион рубль акча менен чалгындаганбыз. Алар болсо 35 миллион доллар сарптап кен издеп жатышат. Тапкан эч нерсеси жок. “Кумтөрлүктөр” биз иликтеп тапкан кендин сүтүн калтырып, каймагын калпып алып жатышат. Менимче, алар жер алдындагы кенди албай 2012-жылы кетишет. Ошондон азыркы биздин жетекчилер адистердин пикирин угуп, туура чечим албаса, улам келишимдерге кол кое бергенден, пайыз өйдө-төмөн жүрө берет, андан элге эч кандай пайдасы жок.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, өкмөттүк жаңы комиссия эми өкмөт аппаратынын жетекчиси М. Исмаиловдун башчылыгында түзүлдү. Ага адистерден, сиздердин ассоциациядан бирөө-жарым кирдиби?

О. Дүйшеев: - Биздеги чоң катанын бири – булардын адистер менен иштөөнү билбестиги, коркушат. Бир жылдын ичинде өкмөт ушуну менен үчүнчү комиссияны түзүп жатат. Биринчисинде, өнөр жай министри комиссия башкарды, экинчисинде анын орунбасары, эми өкмөттүн аппарат жетекчиси дайындалып атат. Комиссиясы жашыруун, ага кимдер киргени бизге белгисиз. Комиссия жетекчиси салык боюнча жакшы адис. Ал киши өндүрүштө иштеген эмес. Тоо-кен өнөр жайында иштеген адам болбосо анын проблемаларын түшүнбөйт. Баш аламандыктын баары ушундан келип жатат. Президент К.Бакиев бийликке келип жатканда кандай программа менен келген экен деп анысын карасам үч багытка, “өндүрүштү көтөрүүгө аракет кылам, ошолорго үстөмдүк бердиртем” деп жазган экен. Биринчиси - гидроэнергетика, анан тоо-кен өндүрүшү, үчүнчүсү – айыл чарба. Мына үч тармак тең кризисте.

1998-жылдан бери гидроэнергетиканы жоготуунун үстүндө эле келе жатабыз. Тоо-кен боюнча мурунку өкмөт башчы Ф. Куловго төрт жолу кат жаздык, өзүндө бир жолу болдук. Чоң кризиске келип капталдык. Азыр эми бизге чет элдиктер да ишенбей калышты. “Жер үй” иштебейт, “Андаш” кени эмне үчүн иштетилбейт – түшүнүксүз. Кыргыздар айтат, “бөдөнө сойсо да касапчы сойсун”, дейт. Тоо-кен өнөр жайына тармакты түшүнбөгөн адамдарды алып келе берсе ушундай ахывалдан эч качан чыкпайбыз.

“Азаттык”: - Кубат мырза, бөдөнөнү чын эле касапчы сойсун. Тармактын оор абалга кириптер болушу адистердин жоктугунан деп жатышат. Сиз да ушундай ойдосузбу?

К. Осмонбетов: - Мен да ошондой ойдомун.

О. Дүйшеев: - Адистер бизде эң көп. Биз эле жылына эки-үчтөн кат беребиз. Карап да коюшпайт.

К. Осмонбетов: - Кадрлар жок дегенге кошулбайм. Бирок да бизге кадрлар аябай көп керек. Мисалы, Геология агенттиги 1,5 миң лицензия берди. Ошончо геолог, тоо инженери керек. Адистердин көбү ишкердикке кетип калды. Орусия, Казакстанга кетип калышты. Иштегендер менин курагымдагы адамдар. Анан 18 жылдан бери геологдор бир да жаңы алтын кенин ачышкан жок. “Жер үйдү” 80-жылдардан бери өздөштүрө албайбыз. Ал колдон-колго өтө берип кенден кымбат каражат талаага кетти. Аны бирөөгө күрөөгө деле бербей же макулдашу боюнча бербей келатабыз. Аны күрөөгө эле берип койсок биздин 2 миллиард ашуун доллар карызыбыздан бир жылда кутулат элек.

“Азаттык”: - “Кумтөр” алтын кени боюнча талаштар саясий өң-түс алып кетти. Мына эки парламент сиздер түзгөн келишимди жактырбай койду. Жаңы келишим түзүүгө канадалык тарап макул-жок деп жообун айта элек. Ушундай бүдөмүк жагдайдан чыгуунун жолу барбы?

О. Дүйшеев: - Биздин алдыбызда азыр үч түрдүү жол туру. 2003-жылкы токтом күчүндө калса мурунку коррупциячыларды жаңылары ээлегенден башка эч нерсе өзгөрбөйт. Ал өзү коррупцияланган, чатак келишим болчу. Экинчи жолу -2007-жылкы келишимди жактырып, аны дагы кеңейтип, жакшы жагына өзгөртүү. Бул жакшы жол. Муну жактасак “Центерра Голд” жер алдын да каза баштайт. “Кумтөрдүн” келечеги болот. Үчүнчү жолу жанагинтип чатакташа берсек, ачык жол менен казылып алынчу 30 –40 тонна алтынды казышат да таштап салып кетип калышат. Эл аралык сотторго беришет. Анан “Кумтөргө” эч ким келбейт. Ошентип “Кумтөрдү” жоготобуз. Жер алдынан каза турган компаниянын табылышы кыйын.

“Азаттык”: - Жердин астынан канча метр тереңдикте казылып алынат?

К. Осмонбетов: - Жердин алдынан 700 метр тереңдикке чейин казылат. Алтын запасы канча экени бизге белгилүү. Бирок анын техника-экономикалык негиздемесин түзүшкөн эмес. Мына Орозбек Дүйшеевич депутат болуп турганда парламенттик угуу болуп ошондо адистердин баары анын “Центерра Голдго” берилишине каршы чыкканбыз. Менин Монголиядагы “Боору”, “Гаатсурт”, Кошмо Штаттардагы “Рен” кени тууралуу да маалыматтарым бар. “Кумтөрлүктөр” акчасын ошол жакка сарпташып, континенттер аралык компания түзүшмөкчү болушкан. Бирок ал жактан эч нерсеге жетишкен жок. “Боору” биздин “Макмал” сыяктуу кен экен. Аны бүтүрүшөт. Анан канадалыктардын башынан келаткан оюу - ачык казылып алынчу алтынды алып 2011-жылы кетип калыш. Ошондуктан биздин башчылар келишим түзөөрдөн мурун адистерди чакырса, биз пикирлерибизди айтабыз. Аны мамлекет, өкмөт башчылары угуп, анан келишим түзүшсө бир жөн.

Бирок менин адис катары айтарым, ушинтип жүрүп олтурсак, 2020-жылы Кыргызстанда казылып ала турган кен 2020-жылы калбай калат. Кайсы кенди жакшы иштеттик? Мына 12 жыл калды. Бул жыл ичинде жаңы “Макмалды”, жаңы “Жер үйдү” эчким ачпайт. Алтын кен маселесине келгенде элдин адистердин угуп, туура чечимге келбесе болбойт. Мына “Кумтөр” компаниясы бизди эл аралык сотко беребиз дейт. Бере алышпайт. Биз элибизди, жерибизди коргой албасак, кандай мамлекетпиз өзү. Аларды чакырыш керек, ага болбосо биз менен сүйлөшүүгө мажбур кылыш керек.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, ушу тоо-кен өнөр жайы элге, мамлекетке пайда алып келиши үчүн кандай иштер жасалышы керек? Анын үстүнө бизде экономикалык проблемалардын саясий өңү ачылып кетчү болду.

О. Дүйшеев: - Бул маселе бизди 1997-жылдан бери түйшөлтүп келатат. Төрт жолу өз сунушубузду киргиздик. Бүгүнкү күндө тоо-кен өнөр жайы башкарылбай калган, башаламан. Бакырчаактын баары башкарып, чакчелекейин чыгарып, талкалап жатат. Биз баарын адистерге берели, ошолор чечсин, аларга биз жардам берели дегенбиз.

“Азаттык”: - Кубат мырза, сиздин сөзүңүз менен бүгүнкү маекти жыйынтыктасак.



К. Осмонбетов: - Эгер өзүнүн жаратылыш байлыгын туура пайдалана албаса мамлекеттин келечеги жок болуп калат. Мына “Кумтөрдүн” уу суулары турган көл жырылып кетсе бүтүндөй Сырдарыяны талкалайбыз. Анан 2012-жылы канадалыктар кетип калса ошол уулуу суy сактаган жайды саксактап Майлы- Суудагыдай болуп отура беребиз. Ошондон мамлекет жетекчиси, өкмөт жетекчиси, министрлик жетекчиси, анын кызматкерлери бул маселеге туура мамиле кыла алышпаса экология, жер байлыгы татаал нерсе, ошону эстей жүрүү зарыл.

“Азаттык”: Ушуну менен аңгемебизди жыйынтыктасак, сиздерге чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG