Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

"АК ЖОЛ" ПАРТИЯСЫ 2010-ЖЫЛЫ К.БАКИЕВДИ ПРЕЗИДЕНТ КЫЛГЫСЫ КЕЛЕТ


2010-жылы өтүүчү президенттик шайлоого эмитеден эле даярдыктар башталган шекилдүү. Мурдараак Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Баткендеги иш сапарында кийинки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевге 95 пайыз өз добушуңарды бергиле деп элди үгүттөп кеткен. Эми болсо «Ак жол» партиясынын парламенттеги депутаты Санжар Кадыралиев Оштогу өз шайлоочулары менен жолугушууларда “Ак жол” фракциясы Курманбек Бакиевди 2010-жылдагы президенттик шайлоого катыштырып, сөзсүз жеңишке жетишээрине ишенип тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда аймактагы айрым саясий күчтөр азыркы өлкө башчысы бул кызматка татыксыз, анын кызматтан кетүүсү бышып жетилди деген пикирде.

«Ак жол» фракциясы Курманбек Бакиевди 2010-жылы президенттик шайлоого катыштырып, сөзсүз жеңишке жетишет!» - деген ишенимин Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев Ошто шайлоочулары менен жолугушуп жүргөн маалында билдирди:

-“Ак жол” партиясы 2010-жылы тынчтык болуп турса, Курманбек Салиевичти кайрадан президентке койдуртабыз. Себеби, үч жылдын ичинде мурдагы заманга караганда өзгөрүштөр болуп жатат. Бул жумуштун башы. Үч жылда ар кандай жумуш бүтө калбайт. Ошондуктан көбүрөөк, узак созулса, чоң пландардын аягына чыгып калат деген ишенич бар. Кудай буюрса жеңебиз”

«Кут» саясий партиясынын Оштогу лидери Аманбай Сатибаев мындай демилгеге макул эмес. Анын баамында, президент Бакиев мурун эле бул орунга татыксыз болчу. Эми деле элди кыйнабай, кызматын кызматын өз ыктыяры тапшырса жарашат деген пикирин айтты:

- Чыныгы демократиялык мамлекетте мындай адамды президент кылып коюш керек эмес. Мейли биз адашып, булар президент болуп калды дейли. Бирок биз бүгүн алданганыбызды билдик да. Акаевдин кетишине мен каршы болгонмун, ыңкылапка да каршы болгонмун, Бакиевдин келишине да каршы болгонмун. Азыр отставкага кетиш керек. Бакиев Кыргызстанды, кыргыз элин шерменде кылды.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев Бакиев экинчи мөөнөткө барса, анда ал мыйзам бузуулар менен шайланаарынан күмөн санабайт. Анын айтымында, дагы бир ирээт эл одоно мыйзам бузууларга чыдабайт жана бийликке каршы оппозицияга өтүшү күтүлөт.

- Президент спикерди же болбосо Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын шайлоого чейинки үгүт иштерин токтотуш үчүн айтса болот да. Шайлоо учурунда өзү айтаар эле - шайлоого барабы же барбайбы. Эгерде ушундай система менен 2010-жылкы президенттик шайлоого бара турган болсо, анда президент жана анын айланасындагы команда дагы чоң жаңылыштык кетиришет. Анткени, өлкөдө өнүгүү жок. Элдин Бакиевге болгон үмүтү өчтү. Элди Бакиев өзүнө оппозиция кылып алды.

Мамлекеттик аткаминерлердин бири, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев түштүктү кыдырып жүргөндө “Азаттыктын” - Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаевдин, «ак жолчу» депутат Санжар Кадыралиевдин 2010-жылда боло турган шайлоого Курманбек Бакиевди “кудалап” жатканына кандай карайсыз деген өңүттө узаткан суроосуна министр-генерал мындайча жооп айтты:

- Мен ойлойм бардыгын эл билет. Эл баалайт. Эл өзү чечим чыгарат.

XS
SM
MD
LG