Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

А. ЖЕКШЕНКУЛОВ: КАНДАЙ ГАНА МАСЕЛЕ БОЛБОСУН КҮЧ МЕНЕН ЧЕЧКЕН ТУУРА ЭМЕС


Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Прага Кавказ чөлкөмүндө кан төгүлгөн кармаштар уланууда экенин дүйнөлүк маалымат каражаттары үзгүлтүксүз кабарлоодо. Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы түзүлгөн кырдаал тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Азаттыктын” кечки түз обосунда кыскача маек курду.

“Азаттык”: Бир аз мурун кабарларда айтылгандай, Грузия менен Түштүк Осетия чатагына Орусия дагы аралашты. Мурдагы тышки иштер министри, дипломат катары сиз Орусиянын кийлигишүүсүнө кандай баа берээр элеңиз?

А. Жекшенкулов - Биринчиден, бул маселенин тарыхый түпкүрүнө көз салсак, СССРдин доору аяктап, Грузия өзүнчө эгемендүү мамлекетти түптөө мезгилинде Түштүк Осетия жана Абхазия автономдук республикаларынын пикирин эсепке алган эмес.

Экинчи жактан, 1992-жылкы согуштан кийин Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы абал себеп. Бул жерде көп документтерге кол коюлган, ал жерде эки тараптан тең бири-бирине кол салууга жол бербөө тууралуу айтылган. Эгер кайсы бир тараптан кол салуу болсо Орусия ошол жакка жардам берет деп айтылган.

Тилекке каршы, бул ирээт Грузиянын жетекчилери ошол келишимди бузгандыгы толугу менен далилденди. Эгер эл аралык укуктук маселелердин алкагында карасак, КМШнын ичинде коопсуздук боюнча дагы бир катар документтерге кол коюлган. Бул жерде Грузиндер башкача түшүндүрмө берип - Орусия бизге кол салды деп жатат.



“Азаттык”: - Ыңкылап болгондон кийин Грузияда бир катар олуттуу реформалар ишке ашпадыбы. Сиздин баамыңызда 8-августтан бери түзүлгөн кырдаал эми Грузиянын жеке өзүнө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

А. Жекшенкулов - Мен жеке Грузия үчүн тескери таасири болот деп ойлойм. Анткени, президент Саакашвили НАТОго киребиз, КМШдан алыстайбыз деген арыз жазбады беле. Азыр болсо Грузиянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү да азайгандай, анткени бул уюмга кирээрдин алдында башка мамлекеттер менен эч кандай чыр-чатагы болбош керек деген шартка туура келүү зарыл. Андан кийин, дегеле бүгүнкү күндө канча бейкүнөө адамдарга зыян келип, канча өлүм болуп кетти. Мындай көрүнүш бүгүнкү Грузиянын жетекчилерине аброй алып келбейт.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, сөзүңүзгө аралжы. Эгерде сиз тышкы иштер министри болсоңуз Түштүк Осетиядагы кырдаалга таасир этүү үчүн кандай аракеттерди көрөөр элеңиз?

А. Жекшенкулов - Эми бул жерде эң негизги – Грузия БУУнун, КМШнын мүчөсү. Демек, ал бул уюмдардын ички милдеттемелерин аткарууга милдеттүү. Биз кайсы тарап бүгүнкү күндө ошол милдеттемелерди бузуп жаткандыгын аныктамакпыз, анан ошого жараша өзүбүздүн ой-пикирибизди айтышыбыз керек. Негизинен мен кандай гана саясий маселелер болбосун күч менен чечкен туура эмес деген көз караштамын.

“Азаттык”: -Рахмат.

XS
SM
MD
LG