Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Грузия менен анын жикчил аймагы Түштүк Осетиянын ортосундагы көптөн бери созулуп келген кайым айтышуу грузиялык-орусиялык аскер жаңжалына айланды. Тбилиси тарабынан Грузиянын ички иши катары каралган бул чатакка Орусия дагы аралашып, грузин чабуулуна каршы өзүнүн кубаттуу аскер күчтөрүн койду. Эркин Европа/Азаттык үналгысы ар кыл өлкөлөрдө жашаган саясатчылардын бул маселеге карата пикирлерин чогултту.

“Карнеги” борборунун Орусиянын ордо шаарындагы кеңсесинде Кавказ боюнча адиси Алексей Малашенконун пикиринде Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы аскер жаңжалын алдын алууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу:

- Бул, менимче, өтө деле күтүлбөгөн согуш болду. Менин баамымда, бул – алдын-ала күтүлгөн согуш деп айтууга болбойт. Менимче, аны алдын-алып болтурбай коюу ыктымалдыгы бар эле. Эми бул согуш качан жана кантип аяктай турганын күтүшүбүз гана калды.

Ал эми “Время Новостей” гезитинин Кавказ маселесин чагылдырган кабарчысы Иван Сухов грузин бийлиги олуттуу ката кетирди деген пикирде:

- Бул Грузиянын президенти менен анын Батыштык өнөктөштөрүнүн мамилесине таасирин тийгизет. Саакашвили кышында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордун натыйжасында саясий кризистен ийгиликтүү чыга алган эле. Бирок бул жолу ал Батыш үчүн түшүнүксүз турумду ээледи, анткени буга чейин Грузия өзүн аскердик жаңжалдарга караманча-каршы турган тарап катары сүрөттөп келген болчу. Чындыгында эле Грузияны аскер чабуулга Түштүк Осетиянын бийлиги шыкактаган күндө да, бул баары бир өтө олуттуу саясий ката болуп калды.

Орусиядагы оппозициялык маанайдагы “Яблоко” саясий партиясынын лидери Сергей Митрохин болсо, тараптарды аскер жаңжалын токтотууга чакырды:

- Биз качандыр бир кездерде орус бийлигинин Чеченстандагы ушул өңдүү аракеттерин айыптап чыккан элек. Азыр дагы грузин бийлигинин Түштүк Осетиядагы аракеттерин айыптайбыз. Биздин баамыбызда, согушту токтотууга болот. Бул максатта биз эки тарапты тең согуш аракеттерин дароо токтотууга үндөйбүз. Биздин оюбузча, Орусия жаңжалдашкан тараптардын ортосуна бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу сунушу менен чыгышы керек. Орусия жаңжалды жөнгө салууда активдүү ролду ойной башташы керек. Бул болсо Орусия аскер жаңжалында арачы болуусу керек жана ар качан эле бир жактын тарабын колдой берген саясатынан баш тартышы керек дегенди түшүндүрөт.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча адистешкен орусиялык серепчи Александр Голц мырзанын оюнча, жаңжалдан кийинки талаш-тартыш “эми Чубактын кунундай” чубалышы ыктымал:

- Аскерий көз караш менен айтканда, бул толук кандуу жүрө баштаган согуш грузин бийлиги тарабынан башталды. Президент Саакашвили сыналгыдан кайрылуу жасагандан кийин грузин куралдуу күчтөрү чабуулду токтотууга тийиш эле. Менин билишимче, чабуул ошондон 2-3 сааттан кийин эле башталган. Мындан күмөн санабайм. Эми ал түгүл бир сыйкырдуу окуя болуп кетип, согуш аракеттери дароо токтоп калган учурда да, буга чейинки окуялар аймактагы тирешүү ондогон жылдарга болбосо дагы, бери дегенде бир нече жылга созула турганын көрсөтөт.

Ал эми Грузиянын өкмөт администрациясынын мурдагы жетекчиси, бийликтеги Бириккен Улуттук Кыймылдан шайланган депутат Петре Мамрадзе буларды айтат:

- Орусиялык саясий серепчилер мурдатадан эле жазып келгендей, Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты – кылмышкер. Ал Санкт-Петербургдагы кылмыш тобунун мүчөсү болчу, ал эми ал дайындаган министрлер Орусияда ардагер болуп калган мурдагы чекисттер. Ал Түштүк Осетияда калк арасында эч кандай абройго ээ эмес. Цхинвали жана Түштүк Осетиянын кыштактарында жашаган осетин улутундагы калк анын режимин эч колдогусу келбегени анык.

Грузиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Ираклий Аласаниянын пикирин уксак:

- Дүйнө коомчулугунун чукул арада жана тийешелүү жооп бере албагандыгын белгилөө мен үчүн өтө оор. Бирок мен силерге дагы бир нерсени эскертким келет: иш жүзүндө баскынчы болуп жаткан Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин вето койуу укугуна ээ болгон туруктуу мүчөсү. Бул болсо Коопсуздук кеңеши караган ар кандай конкреттүү жана реалдуу маселелерди кабыл алуу өтө кыйынга тураарын түшүндүрөт.

Грузиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр корунун президенти Александр Рондели Орусия жосунсуз жорук баштаганын айтат:

- Орусия коңшусуна карата жол берилбей турган иштерди жасап жатканы айдан ачык. Менимче, эч бир башка өлкөнүн жүрөгү мындай жолго түшүүгө даабаса керек. Батыш болсо Орусияны ооздуктай албай келди. Башка чаралар колдонулушу керек. Бирок эгер сизде мунай менен газ мол болсо жана сиз айлакер болсоңуз, анда сиз көп нерсеге жете аласыз.

Бул соңку окуялар тууралуу Кыргызстандык саясатчылар өз ара кайчы пикирлерин билдирүүдө. Жекшембиде “Азаттык” үчүн курган маегинде мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай деди:

- Биринчиден, бул маселенин тарыхый түпкүрүнө көз салсак, СССРдин доору аяктап, Грузия өзүнчө эгемендүү мамлекетти түптөө мезгилинде Түштүк Осетия жана Абхазия автономдук республикаларынын пикирин эсепке алган эмес.

Экинчи жактан, 1992-жылкы согуштан кийин Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы абал себеп. Бул жерде көп документтерге кол коюлган, ал жерде эки тараптан тең бири-бирине кол салууга жол бербөө тууралуу айтылган. Эгер кайсы бир тараптан кол салуу болсо Орусия ошол жакка жардам берет деп айтылган.

Тилекке каршы, бул ирээт Грузиянын жетекчилери ошол келишимди бузгандыгы толугу менен далилденди. Эгер эл аралык укуктук маселелердин алкагында карасак, КМШнын ичинде коопсуздук боюнча дагы бир катар документтерге кол коюлган. Бул жерде Грузиндер башкача түшүндүрмө берип, “Орусия бизге кол салды” деп жатат.


Бирок Жекшенкуловдун оюна башка кыргыз саясатчылары макул эмес. “Таза Коом” партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеровдун оюнча бул жаңжалда Орусиянын жеке кызыкчылыктары бар.

- Орусия өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын коргош үчүн Түштүк Осетиянын элдеринин басымдуу бөлүгүнө Орусиянын жарандыгын берип койгон. Ошондуктан орусиялык куралдуу күчтөр ошого жамынып алып, түз эле кийилигишип жатышат. Жада калса аба күчтөрү дагы Грузиянын аймагын бомбалоого чейин барып жатышат.

Грузиянын оппозициялык маанайдагы Республикачылар партиясынын мүчөсү Паата Закареишвили согуш – маселени чечүү үчүн эң мыкты жол эмес деп эсептейт:

- Мен өз элибиз менен сүйлөшүүдө согуш туура жол болооруна ишенбейм. Бул аскердик өнөктүктү ийгиликтүү аяктады дейли, 2-3 аптадан кийин аймак тынчып калды жана тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүгө жарап калды дейли, бирок ал кандай тынчтык болот? Мүрзөдөгү тынчтыкпы, же кадыр-барктуу атуулдук тынчтыкпы? Биз бул тууралуу ойлонууга тийишпиз, анткени аскерлерибиз ал аймакта узак мөөнөткө кала албайт. Эгерде башка дагы бир сценарий келип чыкса жана грузин аскерлери аймакта узак убакытка кала берчү болсо, анда биз Израилдегидей кырдаалга кириптер болушубуз ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG