Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

«Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» серепчиси Лиз Фуллер айым Грузиядагы жана Түштүк Осетиядагы кырдаалга байланыштуу өз ойлору менен бөлүштү. 9-августта Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарт катары грузин аскерлеринин Түштүк Осетия аймагынан чыгарылышын айткан. 10-августта болсо орусиялык тарап тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жаңы шарт катары дагы бир нерсени – грузиндердин мындан ары күч колдонбойбуз деген убадасын талап кылууда. Лиз Фуллер (Liz Fuller) айымдын оюнча, бул – орусиялык бийликтин тынчтык сүйлөшүүлөрдү кечеңдетүү амалы болушу ыктымал.

Деги Түштүк Осетиядагы согуш аракеттерин кантип токтотуу керек? Эгерде Грузия өз аскерлерин Түштүк Осетиядан чыгарып кетчү болсо, анда жаңжалды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого эшик ачылабы? Деги, сүйлөшүү чындап башталчу болсо, анда анын темасы эмне жана сүйлөшүүлөргө кайсы тараптар катышуусу керек?

Бул суроого Фуллер айымдын пикири төмөнкүдөй:

- Ырас эле, талкууга коюлчу эң негиздүү жана өтө шашылыш нерсе – бул ок атышууларды токтотуу үчүн расмий түрдө келишимге кол коюу. Балким, согуш аракеттерин кайра жандантпайбыз деп убада кылуу да зарылдыр. Бирок бул сүйлөшүүлөргө кайсы өлкө жана кайсы тарап катышканы ылайык? Орусияны чакырбастан туруп сүйлөшүү жүргүзө аласызбы? Кайсы тарап арачы болууга тийиш – ЕККУбу, же Европа Биримдигиби? Вашингтондун ролу канчалык болууга тийиш? Андан соң, деги, жаңжалдашкан тараптардын өкүлү ким болот? Өзгөчө алганда, Түштүк Осетиянын атынан сүйлөшүүгө ким келиши керек? Аймактын иш жүзүндөгү президенти Эдуард Кокойты мырзабы? Ал эми тбилисичил убактылуу өкмөттүн башчысы Дмитрий Санакоевди түштүк осетиялыктар өз өкүлү катары санабашы да ыктымал, себеби алар Санакоев үчүн эч добуш беришкен эмес жана аны колдошпойт. Эгерде ок атышууну токтотуу жана жаңжалды саясий жактан жайгаруу жаатында кандайдыр-бир сүйлөшүүлөр жүргүзүлчү болсо, анда, албетте, түштүк осетиялыктардын атынан алар ишеним байлаган кимдир-бирөө чыгышы керек.


Ушул тапта орусиялык аскерлер Түштүк Осетиянын ордо шаары Цхинвалинин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп калганы айтылууда. Мындай кырдаалда расмий Кремлдин кийинки кадамы кандай болушу ыктымал?

Фуллер айым бул суроого мындайча жообун узатты:

- Түштүк Осетияда орусиялык ири аскер күчтөрү жыйылганын, алар тек гана Түндүк Кавказдагы Моздок шаарынан келип тим болбостон, тээ Маскөөдөн, Ивановодон бери келген десанттар жана башка аскерлер экенин билдирген кабарларды эске алуу менен, мен мындай деп айтаар элем: орусиялыктар үчүн ушул тапта аскерлеринин илгерилешин токтотуу логикага сыйган кадам болоор эле. Алар Түштүк Осетиянын чегинен түштүк жакка илгерилөө үчүн эч кандай стратегиялык же саясий жүйөгө ээ эмес. Албетте, эгерде бул соңку аракеттеринин баары орусиялык паспортко ээ болуп калган осетиндерди коргоо болсо. Эгерде орустар Түштүк Осетия менен Грузиянын калган аймагын бөлүп турган чектен өтчү болсо, анда алар өтө коркунучтуу чектен өткөнгө тете иш болоор эле.

Фуллердин сереби менен “Азаттыктын” англисче интернет сайтынан толук тааныша аласыздар: (http://www.rferl.org/content/Georgia_South_Ossetia_Fighting/1189562.html).
XS
SM
MD
LG