Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

11:55 Жогорку Кеңештин депутаттары Түштүк Осетиядагы кырдаалга байланыштуу Цхинвалиге барышары тууралуу маалымат тастыкталган жок


Айрым маалымат агенттиктери парламенттеги булактарга таянып, Жогорку Кеңештин үч депутатынан турган топ бүгүн түнү менен Цхинвалиге учарын жазып чыгышты. Анда баяндалгандай кыргызстандык парламентарийлер алгач Түштүк Осетиянын жетекчилиги менен, андан кийин Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен жолугуп, өздөрүнүн элдештирүү кызматын сунуш кылышмакчы. Бирок бул маалыматты ЖК эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу комитети тастыктаган жок. Ошондой эле Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салуу максатында элдештирүүнү сунуш кылуу үчүн депутаттык топ түзүлгөндүгү тууралуу маалыматтан кабары жоктугун комитет мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов да “Азаттыкка” билдирди. Мындан тышкары өз кезегинде БУУнун бейпилдик орнотуучу миссиясынын өкүлү катары Грузияда иштеп келген депутат Роза Отунбаеванын да Владикавказга баруучу депутаттык топ тууралуу маалыматтан кабары жок болуп чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG