Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

А. ЖЕКШЕНКУЛОВ: 20-АВГУСТТАН ТАРТЫП АБДАН АКТИВДҮҮ ИШТЕЙ БАШТАЙБЫЗ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Коомчулукта оппозициялык күчтөрдүн дымы чыкпай, саясий лидерлер болсо ар кимиси өз турмушу менен эле алек болуп калды деген сыяктуу көз караштар күч алгандай. Өлкөдөгү бир катар саясий топторду курамына алган “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду “Азаттыктын” Бишкек студиясында ушул багытта кеңири кепке тарттык.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, сиз парламенттик шайлоодон кийин “Акыйкат үчүн” кыймылынын уюштуруучуларынын бири болуп, азыркы учурда координатору болуп келе жатасыз. Бул “Акыйкат үчүн” кыймылынын курамында бийликке каяша айткан, бийликти сынга алган бир топ оппозициялык партиялар, саясатчылар, саясий күчтөр биригип турат. Парламенттик шайлоодон кийин аталган уюмду чоң күч катары кабылдангандай болду эле коомчулукта. Бирок акыркы учурларда сиздердин ишмердүүлүк жөнүндө сөз болбой калды. Кандай иштин үстүндө иштеп жатасыздар?

А. Жекшенкулов: - Биринчиден, биздин саясий кыймыл ишин солгундаткан жок. Биз мурдакыдай эле иштеп жатабыз. Жайында бүт дүйнө жүзүндө политологияда термин бар “саясий штиль” деген, көп шамал болбойт, көп толкундар болбойт дегендей. Биз дагы туугандарга барып, башка региондорго барып, эл менен сүйлөшүп, пикирин угуп келдик. Буюрса 20-августтан тартып абдан активдүү иштей баштайбыз.

“Азаттык”: - Кандай пландарыңыздар бар?

А. Жекшенкулов: - Сентябрда коомдук парламенттин кезектеги отурумун өткөрөбүз. Андан тышкары Кыргызстандын жаңы өнүгүү концепциясын иштеп чыгабыз деп элге билдиргенбиз. Генерал Мирослав Ниязов болгон топ бүгүнкү күндө анын үстүндө иштеп жатат.

“Азаттык”: - Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясы деп чындыгында бир топ убакыттан бери жарыялап келе жатасыздар. Ал азыркы бийликтин экономикалык программасынан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

А. Жекшенкулов: - Эки маселе бар. Биринчи - саясий система башка болуш керек. Экинчи жактан, экономикалык программа ачык-айкын, эл үчүн иштеген экономика болуш керек. Бүгүнкү күндө тилекке каршы жагдай андай болбой жатат. Саясий системаны айтып кетели. Бүгүнкү күндө бийликтин баары бир кишиде. Президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясын өзү башкарып жатат. Ошол президентке саясий сунуштарды кылган политехнологдор ал кишини аксатып жатат го деп ойлойм. Анткени, бир киши бийликтин полномочиесинин баарысын алгандан кийин ошончо жоопкерчилик болуш керек. Эл аралык коомчулуктун алдында, элдин алдында жооп бериш керек.

“Азаттык”: - Бүгүн “оппозиция алсызданды” деген көз караштар көп айтылып жатат. Анын ичинде бийлик өкүлдөрү дагы ушундай көз караштарды айтып жатышат. Оппозицияда азыр кармана турган негиз жок, экономикалык ахывал жакшырды, өлкө саясий жактан туруктуу болду, бийликке баруунун курал кылып ала турган аспаптары жок. Андыктан оппозиция өчтү деген көз караш айтылып жатат.

А. Жекшенкулов: - Орусча айтканда “розовые очки” деп коёт. Азыркы бийликтегилердин көбү көз айнек кийип алышкан. Алар жер- жерлердеги кырдаалды жакшы билишпейт. Элдин маанайын жакшы билишпейт. Ошондуктан ушундай ой-пикир айтылып жатат. Үч маселе боюнча элдин арасында нааразычылак абдан чоң. Саясий система боюнча, экономикалык ситуация боюнча жана кадр маселеси боюнча. Саясий системаны өзүңөр билесиңер. Айыл өкмөттөрдү мурда шайлашчу, азыр алар дайындалып калды. Айыл өкмөттөр элди ойлобой эле жогору жакты карап калышты. Эл чиновниктердин иштерине абдан нааразы. Бардык жерде майда коррупция көбөйүп кеткен. Андыктан биз саясий системаны өзгөртүш керек деп айтып жатпайбызбы. Же болбосо министрлер телевидение, радиого кээде чыгып элге дагы, мамлекеттин жетекчилерине да туура эмес маалыматты берип жатат. Бул албетте өзүнүн ордун сактап калыштын гана жолу.

Экинчи маселе боюнча карасак, кымбатчылык басып кетти. Муну турмушу орто Кыргызстандын жарандары дагы аябай сезип калды. Бүт кымбаттады. Инфляция эмес бүгүнкү күндө керектөө куржуну (потребительская корзина) деп коёт, ал эң негизги азык-түлүктөрдүн баасынын өсүшү канча процент болгондугун көрсөтөт. Алардын өсүшү 300-400 процент болду. Анан каяктагы экономика өсүп жатат, сандардын эле көбөйгөнү болбосо. Дагы бир чоң себеп, бул чиновниктердин же өкмөттүн профессионалдык деңгээли. Ар бир чиновниктин бүгүнкү күндө айлык маяналары карапайым элге салыштырмалуу жакшы. Мына кечээ эле эң минималдык айлык акы 340 сом деп айтып жатышат. Ал эми айыл өкмөтүнүн айлыгы 17-18 миң сом экенин билесиңер. Салыштырып көрүүгө болобу? Ошондуктан чиновниктер калп айтса дагы жогорку жакты ынандыра турган маалыматты берүүгө аябай аракет кылышат. Туура эмес маалымат жетекчилерге жетип, анан туура эмес чечим кабыл алынса эмне болот деген суроону эч ким ойлобойт.

Дагы бир жактан караганда, дүйнөлүк экономикалык себеп - дүйнө жүзүндөгү процесстер ушундай болуп жатат. Ошон үчүн бизде кымбатчылык болду. Бүгүн өкмөт кайсы чараны көрүп жатат? Элге сөз бергенден кийин аткарыш керек да. Былтыр күзүндө ундун баасы 650 сомдон ашпасын деген буйрук берген. Азыр болсо ундун бир мүшөгү 1600 сомду түзүп жатат. Кумшекер эки эсе кымбаттады. Суу май үч эсе кымбаттады. Азыр мал арзандады, бирок эт кымбат. Эмне үчүн өкмөт ушул маселелерди карабайт? Шаардыктарга жардам бербейт? Өкмөт өзүнүн милдетин аткарбай тескерисинче, элге туура эмес маалымат берип “баары жакшы” деп жатат. Антимонополия деген дүйнө жүзүндөгү эң жогорку бааны болтурбай, аны текшерип, көзөмөлгө алып турат. Ылдыйкы бааны рынок тейлейт, канчалык баа төмөн болсо, элге ошончо жакшы болот да. Ушундай маселелер арбын. Андан тышкары экономикада жана саясатта, кадр маселесине келгенде коррупциясыз эч нерсе жылбай калды.

“Азаттык”: - Ошол эле мезгилде президент эч ким азыр акча берип мурдагыдай акимди же айыл өкмөтүн кызматтарга дайындабайт, коррупция жок деп айтып жатат.

А. Жекшенкулов: - Эми мен муну чечмелебей эле коёюн. Коррупция кайсы жерде кандай экенин эл өзү билет. Бир эле айтып коё турган нерсе - коррупция Кыргызстанда бардык тармактарда эки, үч эсе өстү. Доктурларды, мугалимдерди бир кичине бир нерсе алып коюптур деп күчтү ошолорго көрсөткөнгө боорум ооруйт. Эмне үчүн жогорку деңгээлде отурган аким, губернатор, министрлер жасаган коррупцияланган иштер ачылбайт. Мунун баарын биз билебиз.

“Азаттык”: - Кечиресиз, сөзүңүз оозуңузда. Ишенбай Кадырбековго, Равшан Жээнбековго, Кушбак Тезекбаевге, Мухтар Өмүракуновго байланышкан тергелип жаткан кылмыш иштерин коррупцияга каршы күрөш деп айтууга болбойбу?

А. Жекшенкулов: - Азыркы бийликтин келгенине үч жылдан ашты. Бүгүнкү күндө бул бийлик мурунку бийликке доомат арта албай калды. Анткени үч жылдын ичинде мамлекетти оңдоп, алдыга жылса болмок. Бүгүн Равшан Жээнбеков өкмөттө иштеген жок. Буга кантип доомат коёт? Эмне үчүн Ишенбай Кадырбековго министр болуп жатканда доомат коюлбайт. Ал кызматтан кеткенде, “Акыйкат үчүн” кыймылынын курултайына катышкандан кийин доомат коюлуп жатпайбы. Анан кантип ишенесиң. Мен бул иштерди ичинен толук билбейт экенмин. Бирок массалык маалымат каражаттарынан чыккан маалымат бүт эле бүдөмүк. Элге ачык маалымат айтылса, анда биз да туура же туура эмес деп үн комокпуз. Мен Равшан Жээнбековго өзгөчө таң калам. Ыңкылапты чогуу жасап, жанында жүрүп элчи болуп, анан окууга кеткен. Анан ушунча жылдан кийин кайра ага каршы кылмый иш козголуп жатканына.

Же болбосо Кадырбеков бийликте жүрүп, бүгүнкү бийликтин да келишине жардам берип, министр болуп иштеп жүрүп эле бир күндө кылмышкер болуп калыптыр. Эмне үчүн бул кишилерди дароо эле камай коёт? Эл ким чоң коррупцияга малынганан билет. Мисалы, чоң-чоң комбинатты белине чейин карызга батырып, ана губернатор болуп жүргөн адамдар бар. Же болбосо 400 миң доллардан ашык бирөөлөрдөн алып, бирөөлөргө жеткизбей калган иш прокуратурада дагы бүтө элек болсо дагы, алар жетинчи кабатта отурат. Элдин баары муну билет. Эгер бийлик тазаланабыз деген ойдо болсо, элге чындыкты айтышы керек. Кээде мен телевизорду көрүп капа болом, кээде күлкүм келет. Эл караңгы, эл эч нерсени түшүнбөйт дешет. Эң негизги бийликтин дагы, оппозициянын дагы күчү бул элдин ишеними. Мен бүгүнкү күндө элдин оппозицияга ишеними күчөп жатат деп ойлойм. Эл менен жолукканда да ошону сездик.

“Азаттык”: - Оппозициянын биримдиги барбы? “Акыйкат үчүн” кыймылынын ынтымагы кандай?

А. Жекшенкулов: - Демократиялык коомчулуктун стандартына таянсак, оппозиция классикалык түшүнүк. Демократия бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп өсүп жатат менин оюмча. Оппозицияда мурун биримдикте эле азыр биримдиги жок деген туура эмес. Алардын мурун деле биримдиги жок болчу. Убактылуу бир аракеттер болгон. Ноябрда, апрелде болгон митингдерде эмне үчүн жыйынтык чыккан жок? Анткени ар бир саясатчы өзүнүн жеке максатын көздөгөн. Элди ойлоп, биригип туруп, элге кызмат кылалы деген болгон жок. Аягында айрымдары кызматтарды алып, баса беришти.

“Азаттык”: - Мисалы, сиздерде деле ошондой фактылар болуп жатат. Феликс Кулов азыр президент менен кызматташууга барды деп айтсак болот. Ушундай көрүнүштөр дагы уланышы мүмкүнбү? Мисалы, сизди мамлекеттик кызматка чакырса барасызбы?

А. Жекшенкулов: - Феликс Куловду сыйлайм. Бирок ал Коомдук парламентке кирген эмес, анын партиясы кирген. Экинчи жагынан, системаны өзгөртмөйүнчө бир киши эч нерсени өзгөртө албайт. Күнүмдүк турмушту ойлоп, бийликке барып өзүнүн кызыкчылын көздөгөндү жактыра бербейм. Андыктан мен система өзгөрмөйүнчө эч жакка барбайм. “Акыйкат үчүн” кыймылынын ичинде, коомдук парламентте ар кандай деңгээлдеги кишилер, ар кандай күчтөр бар. Ошондой эле бүгүнкү элди ойлоп, мамлекеттин келечегин ойлогон накта патриоттор чогулган. Бийлик албетте, бизди күчтөндү деп ойлоп жатат. Бирок ага карабастан, бардык саясий экономикалык процесстерге биз кайдыгерлик менен карабай, жеке өзүбүздү ойлобой, Кыргызстандын келечегин, элди ойлоп Коомдук парламент менен “Акыйкат үчүн” кыймылы ишибизди күчөтүп, уланта бермекчибиз.

“Азаттык”: - Сиздердин кыймылга кошулган партиялардын жергиликтүү кеңештерде шайлоодо жеңишке жетишинин ыктымалдыгы канчалык?

А. Жекшенкулов: - Эгерде мыйзам чегинде ачык-айкын шайлоо болсо, мен биздин кыймылга кирген партиялар жеңишке жетишээрине терең ишенмекмин. Анткени эл бийликке караганда бизге көбүрөөк ишенет. Эгер шайлоо ачык-айкын болсо “Ата Мекенге”, “Асаба”, “Ар намыска” окшогон партиялар жеңишке ээ болмок. Тилекке каршы, бул жерде дагы көз будамайлык болот го деген биздин божомолдорубуз бар.

“Азаттык”: - Алдыдагы президенттик шайлоого карата кандай камылгалар болушу мүмкүн сиздердин кыймыл тараптан?



А. Жекшенкулов: - Бул жерде фолстарт ("false start" - спортто: жалган старт) болбош үчүн албетте, биз маселени акмалап жатабыз. Азыр андай-мындай болот деп айтыш эрте. Бирок негизинен президенттик шайлоого ар кандай мөөнөттөр айтылып жатат, бул жылдын аягында болобу, же эмдиги жылы болобу шартка жараша иш кылыш керек.

“Азаттык”: - Мен мындай суроону берип жатканымдын себеби, Жогорку Кеңеш төрагасынын Баткенде сүйлөгөн сөзүн билесиз. Кечээ жакында Ошто дагы айрым депутаттар президент Курманбек Бакиевди кийинки мөөнөткө сунуш кылуу маселесин көтөрдү. Сиздерде дагы ушундай даярдыктар болдубу?

А. Жекшенкулов: - Бизде эң негизги курал-бул чындык. Биздин арабызда чындыкты сүйгөн, кыргыз мамлекетин сүйгөн, руханий дүйнөсү, саясий туруктуулуугу менен өзүн көрсөткөн инсандар бар. Эгер шайлоо старты болуп кетсе алар тууралуу сөз болот. Бирок экинчи жагынан, бийлик саясий ар кандай ыкмаларды пайдаланып жатпайбы. Балким аларга (президенттин 2-мөөнөтү тууралуу демилге көтөргөндөр – “Азаттык”) айттырып коюп, дагы ким чыга калат экен, аларды көрөлүк деген аракеттер да болушу мүмкүн.

“Азаттык”: -Сиздерде башка кыймылдар менен биригүү, биргелешип кызматташуу багытында кандайдыр бир сүйлөшүүлөр барбы? Мисалы, “Бирдиктүү Кыргызстан”, ”Дос” деген кыймыл пайда болду. “Социал-демократтар” партиясы менен мамилеңер кандай болуп жатат?

А. Жекшенкулов: - Сиз айткан кыймылдар, Социал-демократтар биз менен бир эмес эки сыйра кеңеш өттү. Эң негизгиси бүгүнкү күндө бул саясий күчтөрдүн максаты бир деп ойлойм. Ал максат - Кыргызстанды өнүккөн, өскөн накта демократиялык мамлекетке алып чыгуу. Системаны өзгөртөлүк, үй бүлөлүк башкаруу эмес элдин башкаруусу болсун деген негизги ой. Албетте, бул кыймылдар элдин жашоо шартын оңдойлук деген максат менен биригип, чоң саясий күчкө айланышы мүмкүн.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, “Де-факто” гезитинин айланасына келсек. Бул гезиттин кийинки тагдырын сиз кандай элестетип жатасыз?

А. Жекшенкулов: - Бийлик зомбулук менен “Де-фактого” өзүнүн кыялын, өзүнүн накта бетин ачып көрсөттү. Бул саясий заказ болду. Ал элге чындыкты жеткирген курч гезит. Президенттин туугандары, министр андан кийин салыкчы улам-улам сотко берип, аны жабуу максатында иш жүрдү. Коомчулук бул маселе боюнча ачык-айкын айта элек. Бул гезитти коргошубуз керек.Тилекке каршы, сот дагы бирөөнүн колунда болуп жалаң эле Ак үйдүн жетинчи кабатын карап турат. Чындыкты алардан күтө албайсың. Андыктан жалпы коомчулук “Де-факто” гезитин колдоп, бир жардам беришибиз керек.

“Азаттык”: - Материалдык колдоо болушу мүмкүнбү? Маселен, үч миллион сомду төлөп берүү боюнча?

А. Жекшенкулов: - Аны кеңешебиз да. Мүмүнчүлүк болсо албетте, колдоо көрсөтөбүз.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG