Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

ГРУЗИЯ АСКЕРЛЕРИНЕ УРУШТУ ТОКТОТУУНУ БУЙРУДУ. БИРОК СОГУШ УЛАНУУДА


Амирбек Усманов, Прага Грузия өз аскерлерин Түштүк Осетиянын жикчилери көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн чыгарып кеткенин жана ок атууларды токтотууну буйруганын билдирди. Бирок бейтарап маалыматтарга караганда, уруш дале уланууда. Грузиянын маалымдашынча, орусиялык аскерлер Зугдиди шаарчасына чабуул коюуга камданууда. Жикчил Абхазияда он күнгө «согуштук кырдаал» жарыяланды. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде өткөн талкууда АКШнын өкүлү Орусияны Түштүк Осетияда «уятсыздык» менен аракеттенүүдө деп күнөөлөдү. Орусиялык жана түштүк осетиялык булактардын кабарлашынча, калабада 2 миң адам набыт болгон. Грузия тараптын билдиришинче, урушта 92 адам өлгөнү тастыкталган.

Грузия президенти Саакашвили өз аскерлерине Түштүк Осетияда ок атууларды токтотууну буйруду жана Орусия менен урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого даяр экенин билдирди.

Расмий Тбилиси орусиялык күчтөр катуу айыгыштан кийин Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини ээлегенин жана грузин аскерлери жикчил аймактан чыгып кеткенин ырастады. Бирок Интерфакс агенттигинин Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеп кабарлашынча, ок атышуулар дале уланууда.

Грузия парламентинин төрагасы Давид Бакрадзе чукул арада орусиялык аскерлер Зугдиди шаарчасына кол салууну мерчемдеп жатат деп билдирди. «Азаттыктын» грузин кызматынын кабарчысы Геронти Каличаванын кечээ маалымдашынча:

- Зугдидиде тополоң: калк там-жайын таштап, тоо койнундагы коңшу кыштактарга карай кетүүдө. Азык түлүк базары эртең менен эле жабылган. Банктар иштебейт. Зугдидинин борбору жансыздай, баары жабык.

Зугдиди - Грузиянын батышында Абхазияга чектеш аймакта жайгашкан шаарча. Жикчил Абхазиянын жетекчилиги жекшембинин түнүнөн тартып республиканын Грузияга чектеш жерлеринде 10 күнгө согуштук абал жарыялады. Ошондой эле ортодогу Кодори өрөөнүнө 1 миң аскер жөнөттү. Грузин тараптын ырасташынча, Абхазияга Орусиядан 4 миң аскер келди.

Оор техника менен куралданган абхаз жикчилери Кодори өрөөнүн көздөй багыт алганын Абхазиядагы эл аралык байкоочулар да тастыкташты. Улуттар Уюмунун баш катчысынын жардамчысы Эдмунд Мюллет Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп, Абхазиядагы кырдаалды өтө коркунучтуу деп сыпаттады:

-Абхазиядагы жагдай өтө кооптуу болууда. Чатактуу зонанын Абхаз жагында аскерий даярдыктар жүрүүдө жана Кодори өрөөнүн жогорку бөлүгүн бомбалоо уланууда. Акыркы эки күндө конфликтүү зонага аскерлер жана оор аскерий техника киргизилди.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кечээ Түштүк Осетиядагы кырдаалды талкуулады. АКШнын өкүлү Залмай Халилзад Кеңеште сүйлөп, Орусиянын талаштуу аймактагы аракетин «уятсыздык» деп атады:

- Мен Орусия Федерациясынын күнкорсуз жана демократиялуу Грузия мамлекетине каршы баскынчылык аракетин кылдат ойлоп көрүүгө чакырам. Орусиянын Грузияга жасап жаткан чабуулу жана кризисти тынчтык жолу менен жөндөөдөн баш тартуусу Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр менен болгон алакасына зыян кылат.

АКШ Хализаддын сөзүнчө, Коопсуздук Кеңешине Грузия жана Орусияны урушту токтотууга чакырган резолюциянын долбоорун киргизгени жатат.

Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Кеңеште сүйлөгөн жооп сөзүндө, орусиялык аскерлер Грузиянын территориясында «баскынчылык кылууда» деген АКШнын өкүлүнүн сөзүнө «кыпындай да макул болбосун» айтты. Чуркиндин сөзүнчө, Москва «согушту токтотууга даяр болчу»:

-Ок атууларды тез токтотуу - бул кырдаалга ылайык жооп болбосун мен айкын ачык түшүндүрдүм деп ойлойм. Грузиялык күчтөрдү Түштүк Осетиядан чыгарып кетүү жана алардын Түштүк Осетия менен Абхазияда күч колдонбоо жөнүндөгү келишимге макул болуусу - кырдаалга туура жооп берүү болот.

Жекшемби күнү расмий Москва Грузия президенти Михаил Саакашвилинин буйругу «миңдеген жарандардын өлүмүнө алып барган согуштук кылмыштын жасалышына» себеп болду, ошон үчүн ал «тең укуктуу өнөк боло албайт», деп билдирди. Бирок Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун журналисттерге айтышынча, Саакашвилинин кызматтан кетүүсү менен Түштүк Осетиядагы кризис токтобойт. Тынчтык орноосу үчүн грузиялык аскерлер жикчил республикадан чыгып кетип, Грузия күч колдонбоо жөнүндөгү келишимге кол коюш керек, деди Лавров.

XS
SM
MD
LG