Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

14:55 Темир Сариев: Туруктуу гео-саясаттын жоктугу Кыргызстанды жарга такайт


“Ак шумкар” партиясынын лидеринин пикири боюнча Түштүк Осетиядагы кырдаал Кыргызстандан аскерий “Манас” аба базасын чыгаруу шартынын коюлуусуна алып келүүсү ыктымал. “Бул албетте Кыргызстанды кыйын абалга салат. Анткени өлкөнүн тышкы саясаты ШКУнун жана ЖККУнун негизинде деп бир топ келишимдерге кол койгон, милдеттенмелерди алган. Ошондуктан, туруктуу гео-саясаттын жоктугу, жакынкы убактарда Тажикстанда өтүүчү ШКУнун саммитинде жана Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн саммити учурунда Кыргызстанды ыңгайсыз абалга калтыруусу толук мүмкүн,” дейт Темир Сариев. Анын белгилөөсү боюнча Кыргызстан алгач НАТОнун аскерий “Манас” аба базасын качан чыгаруунун мөөнөтүн тактап алууга тийиш.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG