Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

А. МАМБЕТАЛИЕВ: ГРУЗИЯНЫН ЧЕЧКИНДҮҮ САЯСАТЫ ОРУСИЯНЫН КЫЖЫРЫНА ТИЙИП КЕЛГЕН


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосунда куралдуу жаңжал уланууда. Бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши да бир жыйынтыкка келе электиги кабарланууда. Түштүк Осетиядагы кырдаал тууралуу дүйнө коомчулугу массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип жаткан маалыматтардан билишүүдө. Бул аймактагы куралдуу жаңжал маалымат айдыңында кандай чагылдырылып жаткандыгы, бул согуштук жаңжал тууралуу эл аралык мамилелер боюнча адис, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Аскарбек Мамбеталиев менен “Азаттыктын” таңкы обосунда маектешебиз.

“Азаттык”: - Түштүк Осетиядагы кырдаал орусиялык жана башка дүйнөлүк маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып жатат. Айрым маалымат каражаттары бир жактуу гана маалымат таратууда деген пикирлер канчалык негиздүү деп айтсак болот?

А. Мамбеталиев: Бул окуя жалпысынан Орусиянын маалымат алкагында тургандыктан, биз жалаң эле орустардын теле-радио берүүлөрүн көрүп, угуп жатпайбызбы. Мындай көрүнүш дайыма эле болуп келген, илгертен бери эле биз Орусиянын маалыматынын негизинде тарбияланып, ошонун негизинде дүйнөнү түшүнүп, ошол боюнча ойлонуп калганбыз. Тилекке каршы, көп учурларда мындай бир жактуу маалымат бизге чоң терс таасир этип, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды туура түшүнгөнгө жакшы салым кошпойт. Бул чындык.

Азыр болсо Орусия бир жактуу – Түштүк Осетиядагы согушта өзүнүн кызыкчылыгына төп келгендей маалымат берип, Грузияны караманча каралап, анын президентин жамандап, бүт күнөөнү грузин тарапка оодарып, өздөрүнүн кылган аракеттерин актоого аракет кылып атышат. Бирок чындыгында мындай эмес, мунун жок дегенде жарымы калп. Азыр орусиялык сакерий күчтөр Грузиянын мыйзамдуу аймагына кирип, согуштук кармашууларды жасап, баскынчылык кылып жатат. Мындайча айтканда, менин үйүмө кошунам кирип эле, өз бийлигин орнотуп, мага каршы толтура күнөөсүн коюп, “бул жерде менин кылганым туура, эмне үчүн сен аялыңа мындай мамиле кылбайсың? - деп, мени ур-токмокко алып жаткан көрүнүш болуп жатат.

“Азаттык”: - Аскарбек мырза, Грузия менен Түштүк Осетия чатагына Орусиянын аралашуусун кээ бирлер – бул Грузиянын ички ишине кийлигишүү деп баалап жатышат. Сиз кандай пикирдесиз, буга кандай баа берип кетээр элеңиз?

А. Мамбеталиев: Осетиндердин тарыхын алып карасак, булар 12-кылымдарда монголдордун кол салуусунан корккуп, Дон аймагынан качышып, анан Кавказга барганда грузиндер аларга баш калкалар жер берип, өзүнүн аймагына киргизип койгон. Анан кийинчерээк алар “чоңоюп” өз бутуна тургандан кийин Грузияга каршы чыгып жатпайбы. Бул жерде БУУ дагы түштүк осетиндердин жери-мекени Грузия деп чечим чыгарып койгон. Ал эми орустар бирөөнүн аймагына кирип алып, ал өлкөнүн жашоочуларына Орусиянын атуулдугун берип келишкен. Эми болсо “булар биздин атуулдар, биз өз жарандарыбызды коргошубуз керек, Орусия кайда болсо да өз граждандарын коргошу керек” – деген негизди шылтоо кылууда. Албетте, ушундай аргументке жамынып, Орусия Грузиянын ички ишине кийлигишүүдө. Грузия ансыз деле жикчил Абхазия, Түштүк Осетия менен кантип тил табуунун ар кандай жолдорун колдонуп, көп аракетти көрүп жаткан, эми болсо Орусия аскердик күчтөрун киргизип, согушту тутантты. Мунун себеби - Грузиянын НАТОго кошулаарын, Орусия менен жолу болбой, мындан ары үмүтү үзүлгөндүгүн ачык-айкын айтып чыкканында болуп жатат. Грузиянын мындай чечкиндүү саясаты расмий Москванын “намысына” тийип жатканы айдан-ачык.

“Азаттык”: - Куралдуу жаңжал бир жагынан Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосунда болуп жатса, ошол эле учурда эки чоң державанын Орусия менен АКШнын тымызын тирешүүсү деген пикирлерге сиз кандай көз караштасыз?

А. Мамбеталиев: Бул дагы Орусиянын эң күчтүү пропагандасы. Алар дайыма АКШны күнөөлөп келет, бул эч кимге жаңылык деле эмес. Тескерисинче, Орусия АКШга эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү прогрессивдүү демократиялык өлкөлөргө дайыма эле каршы чыгып келе жатат.

“Азаттык”: - Мына ушул жаңжалды жөнгө салуу максатында АКШнын, Франция баш болгон өлкөлөрдүн ортомчул аракетинен майнап чыгат деп ойлойсузбу?

А. Мамбеталиев: Менимче, Орусия Грузияны тез эле талкалайт го эгерде согуш ушундай темп менен өнүгө берсе. Себеби Грузия Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекет, аны Орусия менен салыштырып болбойт. Ошондой эле Түштүк Осетия эми кайрадан Грузияга кирбей калышы мүмкүн. Ага карабастан, согуштук аракеттер токтогондо, Батыш, Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрү Грузияга жардам берип, колдоо көрсөтөт деп ойлойм. Анткени ыңкылаптан кийинки грузин бийлиги демократияны туу тутаарын эл аралык чөйрөгө көрсөтө алды. Бирок Орусия дагы да болсо Грузияга “тишин кайрай” бериши толук ыктымал.

“Азаттык”: - Бул жаңжал боюнча бир катар мамлекеттер өз пикирлерин билдирип жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да нота жиберээри маалымдалган болчу. Дегеле ушул маселе боюнча Кыргызстан кандай позицияда турушу керек?

А. Мамбеталиев: Кыргызстан, биз өтө кылдат балансты кармай турган өлкө болушубуз керек. Эртең Кыргызстанга орустар - биздин атуулдар бар деп танкалар менен тепсеп кирип келсе эмне болот. Баягы макалда айтылгандай, “жардам сураганга жардам бергиси келбеген, кийин өзү жардам сурайт” деген абалга туш келбегидей болуубуз керек. Ошол эле учурда биз Орусиянын аркасынан ээрчип, кошомат кылып, өзүбүздүн так позициябызды билдире албасак, анда дүйнөлүк коомчулук алдында биздин өлкөнүн аброюу кандай болот?

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG