Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

17: 45 11-августта Жалал-Абат облусунда “Алиби” гезитин коргоо комитети түзүлдү


Коргоо комитетинин курамы 10 кишиден турат, алар облустун жарандары жана “Ата мекен” партиясы менен бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү. Комитеттин мүчөлөрү өткөн аптада эркин гезитин жапкан Бишкек шаарындагы 1-Май райондук сотунун чечимине нааразы болушту. Басылманын миллион сом айып пулду төлөгүчө убактылуу жабылышына эркин гезиттер менен сөз эркиндигине көрсөтүлгөн кысым жана демократиялык баалуулукту абдан чектегени катары баа беришти. Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын облустагы бөлүмүнүн жооптуу катчысы Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында 12-августтан тарта партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө “Алиби” гезитин коргоо комитеттери түзүлө баштайт. Басылмага каражат жагынан колдоо үчүн кайрымдуулук марафондору уюштурулат. (YA)

XS
SM
MD
LG