Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

18:10 Ысык-Көлдүн дыйкандары Айыл чарба министрлиги өз убадасына туруп, жыйылган буудайды албай жатканына нааразы


Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы коомдук көзөмөл тобу дыйкандардын буудайларын ортомчулар арзан баада алып, кайра кымбат баада сатып жатканы боюнча талкуу уюштурду. Топтун башчысы Эргеш Муканбетов жазында дыйкандардын буудайын мамлекет 17 сомдон сатып алаарын расмий жарыялаган менен ал убада аткарылбаганына нааразыланды. Ардагер Орозбек Сатыбалдиев карызга түшүп жатып, чаап жыйнаган элдин буудайларын сактоо мүмкүн болбой атканын айтты. Элет көйгөйлөрү боюнча көзөмөл жүргүзгөн бул коомдук кеңеш дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүү жана ортомчуларга бөгөт коюуу боюнча президенттин талабын аткаруу сунушу менен жергиликтүү бийликке кайрылды. Ал эми Ысык-Көл райондук айыл чарба башкармасы Адылбек Калыков айыл чарба министрлигинин алдында түзүлөт деген айыл чарба корпорациясы эми өкмөттүн карамагына өткөндүктөн бул иш кечеңдеп атканын айтты. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG