Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

УРУШ УЛАНУУДА, КАЧАН БҮТӨӨРҮ БЕЛГИСИЗ


Түштүк Осетия менен Грузия ортосундагы урушту басып, жаатташкан тараптарды эпке келтирүү аракети атышуулар токтоло электе башталды. Ошондой ортомчулук ишке Кыргызстан парламентинин өкүлдөрү да катышууга ниеттенип жатышканын айрым маалымдоо каражаттары кабарлашкан. Урушка айланып кеткен маселени эл аралык укуктун негизинде саясий өңүттөн чечүү зарылдыгын ушу тапта Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин төрагалык милдетин өтөп жаткан Кыргызстандын президенти да билдирди.

Осетиндердин түндүк-түштүккө бөлүнүп, түштүгү Советтик Грузиянын курамына өткөн кылымдын 20-жылдарында кошулуп калганы, ортодогу ажырым мурдагы советтик республикалар өз алдынчалыкка өтө баштаганда күчөп, 1992-жылы куралдуу кагылышка жетип, кан төгүлүп, канабайрамды бейпилдикти сактоо күчтөрүнүн жардамы менен араң токтотуп калышкан.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген Грузия менен Орусиянын урушка кирип кетиши уюмдун төрагалык милдетин аткарып жаткан Кыргызстанды да ойлонтууда. Президент К.Бакиев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине шериктештиктеги өлкөлөрдүн тийиштүү ведомстуктары менен кеп-кеңеш өткөрүүнү тапшырып, грузин-түштүк осетиндер ортосундагы проблемалар эл аралык укуктун жаамы дүйнөдө таанылган нормаларына ылайык саясий өңүттөн гана чечилиши керектигин белгиледи.

Президенттик акимчиликтин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислам Рыскулов билдирүүнүн жөн жайын «Азаттыкка» мындайча чечмеледи.

- Мамлекет башчысы Түштүк Осетиядагы тынч калкты курмандыктарга алып келген согуш аракеттеринин уланып жатканына тынчсызданганын билдирди.

К. Бакиевдин алдагыдай билдирүүсүнөн аз өтпөй Кыргызстан парламентинин үч мүчөсүнөн турган өкүлдөрү жанына бир адисти кошуп дүйшөмбүнүн кечинде Түндүк Осетиянын башкалаасына учаары, ал жерден уруштан талкаланган Цхинвали шаарында Түштүк Осетиянын жетекчилиги, андан соң Грузиянын борборунда президент М.Саакашвилиге жолугуп кайтаарын “24. kg” маалымат агенттиги таратты.

Парламент депутаты Ибрагим Жунусов андай кабарды эшитпегенин, бирок да жаатташкан тараптарды элдештирүү аракети жасалышы керек деп эсептейт.

- Бу биздин коомчулуктун атынан жакшы эле болот. Кичине ойлонобу дейм да. Кыргызстандын атынан барса жакшы эле болмок. Эгерде мени кошушса жан дилим менен бармакмын.

Анын кесиптеши Рашид Тагаев маселе өтө эле чиелүү экенин, ошол себептүү ага этият мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, азырынча чатакка кийлигишпей койгон эле оң деген пикирде.

- Ушундай чоң мамлекет менен тетигиндей мамлекет ортосунда чыр-чатак чыгып жатканда муну терең ойлонуп гана бир жаңсыл чечиш керек. Эгер туура эмес бир эле кадам жасап алсак, анын бизге таасири өтө оор болуп калышы мүмкүн.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков мыйзам чыгаруу өкүлдөрүнөн Түштүк Осетия менен Грузиянын урушун басып, ынтымакка чакырыш үчүн ортомчулукка барышпай тургандыгын маалымдады.

- Мындай согуштун кереги жок эле. Маселени тынчтык менен чечишсе жакшы болмок. Жогорку Кеңеш эч кандай делегация, тиги-буну жиберген эмес. Калп, бул орто жолдон бирөөлөрдүн жөнөтүп ийген жалган кабары экен. Азыр Жогорку Кеңештин атынан биздин пресс-кызматыбыз маалыматын жөнөтүп жатат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, “кансыз согуш” өтүп кетти делген менен өлкөлөр ортосундагы талаш маселени күч менен чечүү аракети токтоло элек. Күчтүүсү күчсүзүнө ыдык көрсөтүү уланып жатат:

- Азыркыдай жагдайда Грузия НАТОго мүчө болуп алып өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга аргасыз болуп олтурат. Ошого Орусия аны бир четинен түртүп жатат.

Грузиянын Түштүк Осетияда “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” аракети бейкапар калктын башына оор мүшкүл салды. Качкын-бозгундардын саны көбөйүп, уруштан эки тарап тең зыян тартышууда.

XS
SM
MD
LG