Казакстандын оор атлетика боюнча мурдагы дүйнөлүк жана олимпиадалык чемпиону Анатолий Храпаты бүгүн жол кырсыгынан каза тапты. Кабарларга караганда, 45-жаштагы Храпаты жол кырсыгына Астанада учураган. Храпаты 1985-86-87, 1989-90-жылдары беш жолу дүйнөнүн, Европанын чемпиону жана 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиадалык оюндарында алтын медалга ээ болгон.
Зейнеп Мартбек кызы, Прага
Зейнеп Мартбек кызы, Прага