Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Баяндаган Кабыл Макеш, Бээжин Бээжинде Олимп оюндардын таймашуулары күн өткөн сайын курч мүнөздө өтө баштады. 11-августа Кыргызстандык спортчулардан таамай атуу боюнча чебер Руслан Исмаилов менен байгелүү орунду үмүттөндүгөн мушкер Асылбек Таласбаев мелдештерге катышты.

Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Руслан Исмаилов 10 метр аралыкка жел мылтыктан ок атуу боюнча мелдешке катышты. Мелдеш Кытайдын борбор шаарынын четинде жайгашкан ок атуучу Бээжин Ренг холл (Beijing Range Hall) деген жерде өттү. Руслан Бээжинге машыктыруучусу Тахир Исмаилов менен 1-августта келип, ок атуу комплексинде машыгууларды өткөргөн. Бул таймашта 22 жаштагы Руслан Исмаилов 65 мерген менен атаандашты.

Таамай атаарлардын арасында Дүйнө, Европа, Азия, Олимпиада чемпиондору бар. Чеберлердин көбү мүмкүн болгон 600 упайдан 599ун алгандар, ал эми Русландын жеке көрсөткүчү 595 упай алууга жетишкен. Бул күнкү таймашта Руслан бутаны таамай атууга аракет кылганы менен 35-орунду ээледи. Спорттун бул түрү боюнча Бээжин Олимпиадасынын чемпиону таиланддык мерген болуп калды.



11-августта “Уоркерс индор арена” (Workers' Indoor Arena) спорт комплексинде бокс боюнча Асылбек Таласбаев олимпиадалык күч сынашууга чыкты. Асылбек 60 кг. салмакта алгачкы атаандашуусун бразилиялык Эвертон Лопес менен өткөрүп, 9:7 эсебинде биринчи беттешүүдө жеңишке жетишти.



Асылбекти сүрөөнгө алуу үчүн Бээжинге профессионалдык бокс боюнча Дүйнөнүн жети жолку чемпиону, Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров, бокс ардагери Райкан Алканов баштаган күйөрмандар келишти. Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спорт, жаштар саясаты боюнча агенттигинин төрагасынын орунбасары Алмаз Касенов да күйөрмандардын катарында турат, ага суроо узаттым:

- Алмаз мырза, ушул олимпиадалык оюндар кандай деңгээлде өтүп атат? Эми кыргыстандык спортчулар эртең 12-августта кандай мелдештерге катышышат?

- Олимпиада - менин оюмча абдан жогорку деңгээлде болуп жатат. Бүт дүйнөдө атагы чыккан спортчулардын баары Пекинде чогулушуп, өздөрүнүн күчүн ушул жерде сынап жатышат. Тилекке каршы, азыр биздин спортчуларыбыз жакшы ийгиликтерге жетише элек. Биринчи болуп биздин сууда сүзүү боюнча Данилов Василий деген жигитибиз таймашка чыкты эле, бирок көрсөткүчү абдан начар болуп калды. Мелдешке катышкан 29 спортчунун ичинен 27- орунду алып калды.

Бүгүн Руслан Исмаиловго жакшы ишенип турдук эле. Ал жигитибиз дагы мурунку койгон рекорддорунан абдан төмөн көрсөткүчтү көрсөтүп, 35-орунга илинди. Ал мурунку мелдештерде 595ке чейин упай алчу эле, мында болсо 588 болуп калды. Эң кубандырганы - Асылбек Таласбаевдин жеңиши болду.

Эртең болсо балбандардын кезеги, бүгүн Руслан Түмөнбаев таразага түштү. Эртең биринчи мелдешин сиднейлик балбан менен өткөргөнү турат. Андан кийин фин балбан менен кандай күрөшсө ошого жараша болот.
XS
SM
MD
LG