Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

КАВКАЗДАГЫ ЖАҢЖАЛ ТҮРК ЖАНА БАТЫШ БАСМА СӨЗҮНДӨ


Аким Өзгөн, Стамбул Кавказда алоолонгон согуш оту батыш басма сөздөрдөрүндө башкы темага айланды. Түрк жана батыш басма сөздөр маалыматтарындагы кабарлар, ар кыл көз караштар тууралуу баяндаган түрмөккө сереп салыңыздар.

“Известия” гезитиндеги Түштүк Осетиядагы арналган макалада, Грузияга аскерий жардам берген өлкөлөрдүн башында АКШ менен Түркия тураары айтылып, “Грузияны согушка тукуруп жаткан” күчтөр катары Вашингтон менен Анкарага айып коюлат. Макалада, НАТОнун мүчө өлкөлөрү АКШ менен Түркия кийинки жылдар аралыгында Грузияга жүз миңдеген доллар баасындагы курал-жаракты жарымын белек катары, башка бөлүгүн сатуу жолу менен берип, бул өлкөнү “тишине чейин” курал менен жабдыганы белгиленет.

Пост-советтик өлкөлөр арасынан соңку жылдары арбын куралданган өлкө Грузия болгону, 2007- жылы эле Тбилиси курал сатып алыш үчүн 1 миллиард АКШ долларынан ашык каражат чыгымдаганы баяндалат. Ошондой эле грузин армиясын АКШ менен Түркия машыктырып келгени далилдүү даректер негизинде тастыкталган.

“Hürriyet” гезитинин саясий комментатору Фераи Тынчтын “Кавказда чоң дөөлөттөрдүн таймашы” деген макаласында, “Грузия менен Орусиянын ортосундогу куралдуу тирешүү, дүйнөдөгү мунайдын эки башкы оюнчулары - Орусия менен АКШ ортосундогу таймаштын эң жогорку чекке жеткен тирешүүсү опурталдуу мүнөз алгандыгын” билдирет. Автордун пикирине караганда, Кавказдагы кырдаалдын курчуп баратканын, НАТОнун Будапешттеги саммитинен кийин эле билсе болмок. Будапешт саммитинде Грузия менен Украинанын НАТОго мүчө катары кабыл алынышы Орусиянын катуу каршылыгын жаратып, бул эки өлкөнүн мүчөлүккө кабыл алуу маселеси декабрга чейин узартылган.

АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райстын июль айында Тбилисиге келип, Кошмо Штаттар Грузиянын аймактык кол тийгистигин колдой тургандыгы туурасындагы билдирүүсү, Орусияны аябай “дүүлүктүргөн”.

“Milliyet” гезитинин серепчиси Фикрет Била да, Кавказдагы согушту Орусия менен АКШнын ортосундогу күч таймашы катары баалайт. Гезиттин кечээ күнкү санында жарыяланган макалада автор “Кавказдагы дөөлөрдүн согушунан чакан жана кедей кавказдык калктар эзилип, сталиндик саясаттын кунун эми осетиндер менен абхаздар төлөп жатышат”, деп бышыктайт.

“Түштүк Осетияда алоолонгон согуш оту эч деле таңкаларлык окуя болбоду” деп жазат Түркиянын “ZAMAN” гезитинин комментатору Абдүлхамит Билижи. “Анткени, Косоводон Осетияга, Каспий энергетика таймашынан Иран жана Ирак кризисине, ракеталык коргонуу системасынан чыккан чатак, андан кийинки НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүү маселесинен тутанган тирешүүдөн улам, чөлкөмдүн борбору - Түркия орун алган бул аймакты бир нече убакыттан бери кара булут каптап келаткан болчу”, деп улантат автор.

“Кавказдагы куралдуу тирешүүлөрдү ырбатып жаткан эки тарап тең өз таламдарын 19- кылымга мүнөздүү кызуу кандуу, урушчак маанайда эмес, 21- кылымга мүнөздүү токтоо жана сыпайы саясатка ылайык чечүүнү эстен чыгарышкан көрүнөт”, деп билдирет Лондондун “Times” гезитинин ишемби күнкү макаласында.
XS
SM
MD
LG